www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шайлоого старт берилгени партиялар  электорат талашып бири –бирин кажый башташты. Буга себеп Орусия президенти Владимир Путиндин “Единая Россия” партиясы  сыяктуу  Сооронбай Жээнбековдун өзүнүн партиясынын жоктугу. Түштүк электоратына таянган бир топ партиялар бийликтин кызыкчылыгын коргооого камынып турушат. “Кулүк ат артында чуркайт” –дегендей алар унчуга элек. Түндүктө деле бийликтин кызыкчылыгын коргогон партиялар жок эмес. Арийне, булар деле шайлоо баштала элек жатып, парламентке өтүш үчүн бири-бирине ор каза башташты. “Бай менен байбиче урушса, кул менен күң куймакта” –дегендей бийликти колдогондор бири-бирине сөйкөнө баштаганда, бийликке сыртын салып турган партиялар жандана баштады.  Шайлоо алдында акча чачмай, элдин көзүн будамайлоо, кандай жол менен болсо да парламентке келүү аракеттери болот.

СДПК келеби?

Атамбаев камалган соң СДПК фракциясынын депутаттарынын туш-тарапка тарап кетиши менен бул партиянын иши бүтүп калгандай сезилет. Ооба, Кожобек Рыспаевге окшоп “Кыргызстанга”, Рыскелди Момбеков сыяктуу “Ата-Мекенге”, андан тышкары “Биримдик”, “Мекеним Кыргызстан” партиясына өтө качкан депутаттар бар. Депутаттар тагдырды чечпейт, шайлоонун тагдырын электорат чечет. СДПКнын мурунку лидери Атамбаев өлүмүш болуп, бийликке каршы аргументтүү соккуларды даярдай баштады:

Биринчиден, Атамбаев камакта жатып инфекция болдум, мага атайын жугузуп жатышат деп каңкуулай баштады. Эл боорукер, мындай тымызын жүрүп жаткан “кара пиарды” чын көрүп, Атамбаевди куугунтуктаганы аз келгенсип, коронавирусту жуктуруп жаткан экен деп ойлошу мүмкүн.

Экинчиден, Түштүктө антагонисттик маанайдагы, бири –бирине  каршы добуш бере турган эки электорат бар экенин жакшы билет. Ошондуктан, СДПКнын башына “махалляларды” артынан ээрчите турган Анвар Артыковду алып келип, өзбек электоратынын добушун алууну көздөп турат. 2010 -жылы майда мурунку президенттин туулган жери Тейит айылын Кадыржан Батыров баш болгон өзбектер “Ата –Мекен” партиясы менен биригип талкалашканда, ал куугунтукка алынган. Ошондо Кадыржан Батыров баш калкалап жүрүп, Убактылуу Өкмөттүн төрайымынын биринчи орун басары Атамбаев менен байланышканда, ал Түркиядагы үйүнө барып жашай берүүсүн айткан. Муну Кадыржан Батыров маегинде кеп кылган, демек өзбек электоратына таянуу Атамбаев үчүн алгачкы кадам эмес.

Үчүнчүдөн, Атамбаевдин бийликтен кеткенине үч жылга чукулдап калды. Атамбаевди колдогондор мына азыркы бийлик убактысынын тең жарымына келип, үч жыл болду, кана бийликке жакындарын алып келгенден башка эмне иш кылды деген  пиар менен чыгат.

 “Эмгек” партиясынын күчү Түндүк электоратында бар

“Эмгек” партиясы ушул маалда түштүк электоратын мыкчыйбыз деп турушкан лөк партиялар үчүн абадай керек. Себеби, Анвар Артыковду колдогон махаллялардан тышкары азыркы бийликке дем бере турган партиялар, ушул аймакта. Албетте, алардын добушун Адахам Мадумаров, Камчыбек Ташиев, Бакыт Төрөбаевдер бөлөт. “Эмгек” партиясы өткөн шайлоодо Адахам Мадумаров менен бириккен, эми бирикпейт, Камчыбек Ташиев, Бакыт Төрөбаевдер бийликке каршы ачуу чакырыктары менен чыга баштады. Аскар Салымбеков башында турган “Эмгек” партиясы радикалдуу оппозициядагы партия эмес, бул партия Кыргызстандын стабилдүү өнүгүшү үчүн кам көрүп келаткан, тескери чакырыктардын эмес, ашыкча берилген убадалардын эмес, өнүгүү үчүн иштин сырын билгендердин партиясы. Муну азыркы бийликтин партиясы катары Түштүк электоратына таянышып, парламентке аттанышкан “Биримдик”, “Мекеним, Кыргызстан”, “Бир бол” сыяктуу партиялар билишет. Ошондуктан, алар “Эмгек” партиясы сыяктуу Түндүк электоратында добуш ала тургандай кадыры бар, бийликке да, оппозицияга да лоялдуу, карапайым элге таянган мындай партияга көздөрү түшүп турушат. “Эмгек” партиясы Бабановдун “Республика”, Шакинин “Кыргызстан” партиялары сыяктуу өзү жалгыз шайлоого барса да, башка Түштүк электоратынын добушуна ишенген партиялар менен бириксе да болот.

Түндүк электоратына таянган башка партиялар

Темир Сариев “кошелогуна” айланган “Жаңы дем-Ата-Мекен” партиясынын да, Бабановдун жээни Жээнчороев Мирлан жетектеген “Республика” партиясынын да, “Кыргызстан” партиясынын да таянар тоолору Түндүк электораты. «Республика» партиясы болсо лидери бизнесин сактап калуу үчүн аракетинен улам Өмүрбек Бабановдун саясаттан кеткенин жарыялаган, Бабановдун шайлоого канчалык батыл киришери азырынча белгисиз. Бабанов партиясы менен Атамбаевдин убагында  чечүүчү ролдорду чече турган. Албетте, Бабанов шайлоодон тышта калмак беле?

Эл партиялардын өзгөрүшүн каалап турат, Убактылуу Өкмөт менен бийликке келген Темир Сариев сыяктуулар элдин жашоосу эмес, өз капчыгын ойлоп келишкени , эми ачык сезиле баштады. Эми кайрадан эч качан парламентке өтө албаган “Ак Шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев “Жаңы дем –Ата –Мекен”” аркылуу парламентке аттана баштады.

“Кыргызстан” партиясы капчыктууларга көңүл бура баштады.  Бир ай болсо да парламентке депутат кылышып,бир топ адамдардын көңүлүн алган соң, өз катарларына СДПКдан сүрүлүп калган, ошол СДПКнын аркасы менен темир –тезек саткан ишкерден мульти –миллионерге айланган Кожобек Рыспаевди кошуп алып марага аттанганы турушат.

Учурда эл билген партиялардан тышкары, көпчүлүкк аты –жыты жок партиялар деле, парламенттик шайлоого  катышууга даяр экенини билдире баштады.  "Бийлик элге", "Чоң казат", "Кыргызстан коммунисттер партиясы", "Единство народа", "Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын" саясий партиясы, "Актив", "Кыргызстандын жумушчулар партиясы", "Республика", "Кыргызстандын агрардык партиясы", "Бир бол", "Демократ", "Ата-Мекен", "Мекен ынтымагы", "Бирик", "Бийлик элге", "Ордо"   саясий партиялары шайлоого катышуу тууралуу кабарлама жөнөтүшкөн. Эгер шайлоо мыйзамы өзгөрбөй, босого мурдагы деңгээлде кала турган болсо өлкөдөгү бир катар саясий партиялар биригүүгө барышы мүмкүн. Болбосо көпчүлүк партиялардын парламентке өтүүдөгү мүмкүнчүлүгү жокко эсе.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости