www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Түндүк электр" ААКтын маалымат кызматы жаңы жыл алдында туумду жоюу боюнча акция жарыяланганын эске салды.

Шарт боюнча керектөөчүлөр электр энергиясына болгон карызды төлөгөндөн кийин автоматтык түрдө туум жоюлат.

"Муну менен абонент акчасын үнөмдөп, андан тышкары, кара тизмеден чыгарылат жана ар кандай соттук териштирүүлөрдөн, ыңгайсыздыктардан кутулат", — деп жазылган маалыматта.

Бул акцияга бардык категориядагы абоненттер катыша алат. Туумду эсептен чыгаруу акция аяктагандан кийин, тагыраагы, 31-декабрдан соң жүргүзүлөт.

Туумду жоюунун эрежеси:

  • 31-декабрга чейин төлөм жүргүзүлгөндө;
  • 31-декабрга карата карызы болбогондо.

Январь айынын биринчи декадасында эсеп дүмүрчөк алган абоненттер алдын ала төлөм жүргүзүп акцияга катышып, туумду жойсо болот.

Абоненттер электр энергиясына канча сом чыкканын, канча карызы бар экендиги тууралуу маалыматты "Түндүк электр" ААКнын www.se.kg сайтынан же күнү-түнү иштеген Call-борборунан (1209) алса болот.

"Түндүк электр" Бишкектеги, Чүйдөгү жана Таластагы абоненттерди тейлейт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости