www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Берлинде Германиянын Федеративдүү Республикасынын коргоо министерствосунун короосунда Ангела Меркелди премьер-министрлик кызматтан коштошуу жөрөлгөсү болуп өттү.

Салт боюнча, жогорку даражалуу саясатчы коштошуу жөрөлгөсү үчүн бир нече музыканы тандай алат. Меркель немис панк-рок ырчысы Нина Хагендин “Сен түстүү лентаны унутуп койдуң” (Du hast den Farbfilm vergessen) ырын тандады. Меркелдин айтымында, ырчынын чыгармачылыгы "анын жаш кезиндеги эң жаркын окуялардын бири" болгон.
https://cdn.beta.qalampir.uz/uploads/JW/m_ZL8k90zWdymMzOPn5srJhnYDZ3PQDZ.jpg

Аскердик оркестр ошондой эле 1950-жылдардагы белгилүү немис ырчысы жана актрисасы Хильдегард Кнефтин ырын жана чиркөө композициясын аткарды. Салтанат мамлекеттик гимндин аткарылышы менен аяктады. Салтанаттын жүрүшүндө аскерлер да колунда факел менен аскердик марш өткөрүштү.

https://cdn.beta.qalampir.uz/uploads/N3/m_1pGUBSvNPnlsHh50toeiOrXuPDXeJk.jpg

Меркель дагы бир нече күн канцлердин милдетин аткаруучу бойдон калат. Бундестаг анын орун басары Олаф Шольц үчүн добуш бергенде кетет. Бул күнү анын кеңсеси ант берүүгө даярданып жатат.

https://cdn.beta.qalampir.uz/uploads/xf/m_BEirAj1jrNAbhX6SCSg8SkNFLG4qss.jpg

Кызматтан кетип жаткан Меркел 15 миң еврого жакын пенсия алат деп күтүлүүдө. Меркель 2005-жылдан бери (төрт мөөнөт) Германиянын канцлери кызматын аркалап келген, ошондой эле Христиан-демократиялык союзга төрагалык кылган. Ал 2018-жылы кийинки мөөнөтүнүн аягында кызматтан кете тургандагын жарыялаган. Келерки шайлоого үч жыл калганда жаш саясатчыларды жоопкерчиликтүү болууга, партияны даярдоого чакырган билдирүү тараткан. Меркелдин президенттик мөөнөтү тууралуу билдирүү 26-октябрда жарыяланган. Ал жаңы министрлер кабинети түзүлгөнгө чейин канцлердин милдетин аткарат.

Суннатилла Абдуллаев, Ташкент

Булак: NazarNews.kg

Последние новости