www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алтын-Казык конушунда электр жарыгы үчүн акча төлөнбөгөндүктөн өчүрүлгөн. Бул тууралуу «Түндүк электр» ишканасынан билдирди.

Белгилей кетсек, буга чейин Аламүдүн районунун Теңдик жана Алтын-Казык конуштарынын тургундары шаардагы таштанды таштоочу жайдын аймагындагы айланма жолду бууп салышкан. Алар үйлөрүндө бир нече күндөн бери электр жарыгы жок болгонуна нааразы.

«Түндүк электр» ишканасынан билдиришкендей, Алтын-Казык жаңы конушунда жашаган абонент Ж.Келдибекова 301 миң 527 сом дебитордук карызын төлөбөгөгдүктөн, электр жарыгы өчүрүлгөн. Анда белгиленгендей, жер трансформацияланбагандыктан «Түндүк электр» ААКы аталган конуштун тургундары менен электр жарыгын камсыздоо боюнча түз келишим түзүүгө укугу жок.

«Абонент Келдибекова компания менен «турмуш-тиричилик абоненти» категориясы боюнча «тургундар тобу» абоненти катары келишим түзгөн. Келишимге ылайык, абонент керектелген электр энергиясы үчүн төлөмдү башка абоненттерден өз убагында алууга милдеттүү.

Абонент бир нече жолу карызды толугу менен жабуу боюнча келишимге кол койгонуна карабастан, жыл башынан бери карыз толук төлөнө элек», - деп айтылат билдирүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости