www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркмөнстанда сот VPN колдонууга айыпталган 20 бизнесменге 2025-жылга чейин Интернетти колдонууга тыюу салды. Алардын үйлөрүндө түйүн өчүрүлдү, смартфондору алынды, алардын ордуна эски телефондор берилди. Үй-бүлө мүчөлөрү мобилдик интернет колдонуу укугунан ажыратылды. 

“Азаттыктын” түркмөн кызматынын өз булагы билдиргендей, өлкөнүн башка аймактарында ушундай эле 22 учур катталды. Ал бул чараны президент Гурбангулы Бердымухамедовду сындаган баракчалардын тарашын токтотуу аракети катары баалады.

Түркмөнстанда акыркы күндөрү соцтармактарга көзөмөл күчөтүлүп, Интернетке катуу чектөө киргизилди. Өлкөдө Facebook, Instagram, Twitter бөгөттөлгөн. Аларга VPN серверлердин жардамы менен гана кирүүгө болот. Бийлик VPN серверлери колдонгондорду жана аны жарандарга орнотуп бергендерди да куугунтуктап жатат.

Ашхабадда жогорку окуу жайларынын окутуучуларынан соцтрамактарга кирбей тургандыгы жөнүндө тилкат алынып, аймактарда бюджеттик кызматкерлерге “Юьтубда” көрүүгө болбой турган блогерлердин сүрөттөрү таратылууда.

Августта “Азаттыктын” түркмөн кызматы бийлик жарандардан VPN-сервистердин кызматынан колдонбоо жөнүндө Куранга ант берүүнү талап кылып жатканын жазган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости