www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түндүк Корея, санкция жана кысымдарга карабастан атомдук күчтөрүн түзүүдөн баш тартпай турганын жарыялады.

Түндүк Кореянын тышкы иштер министрлигинин расмий агенттиги KCNAнын маалыматында орун алган жарыяда, БУУнун коопсуздук кеңешинин жума күнү атомдук программасын жана баллистикалык ракета сыноолорун уланткан Түндүк Кореяга карай санкцияларды кеңейтүү чечимин чыгарышына каршылык көрсөттү.

Жарыяда, «Санкция токтомун чыгарууда роль алган өлкөлөр, Түндүк Кореянын атомдук күчтөрүнүн кыйыр ачуучу өнүгүүлөрүн чектөөнү кымындай да ойлонушса бул чоң катачылык болот. Башкалардын эмне дегенинин кажети жок. Санкция жана кысым келсе келсин, атомдук күчтөрүбүздү түзүүдөн баш тартпайбыз»,делди.

Санкция токтомун кабыл алган өлкөлөрдүн атомдук куралдардын жоюлушу максаты менен диалогду көөшөрүп айтуунун ордуна «туура тандоолорду» кылышы талап кылынган жарыяда, Түндүк Кореянын атомдон тазаланышы үчүн глобалдык аракеттердин терс таасир тийгизе турганы баса белгиленди.

БУУнун коопсуздук кеңеши, жума күнү Түндүк Кореяга карай жаңы санкцияларды киргизүү чечимин бир добуштан кабыл алган.

Токтомдо түндүк кореялык 14 жооптуу кызматкер менен 4 мекеменин саякат кылуусуна тыюу салуу жана материалдык байлыктарын тоңдуруу сунушталган.

АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлү Никки Хейли, добушка салуудан кийинки жарыясында, Түндүк Кореянын үгүттөөчү жана мыйзамга жатпаган ракета сыноолорунун көп сандаган өлкөнүн коопсуздугу үчүн түздөн-түз коркунуч туудурганын айткан.

АКШнын коргоо министри Жеймс Маттис болсо, Түндүк Кореянын АКШны жана башка өлкөлөргө коркунуч туудурган атомдук ракета өнүктүрүү багытында күчөгөн аракеттерин «ачык жана учурдагы коркунуч» катары карагандарын белгилеген.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости