www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Түштүк Кореяга каршы “аскердик аракеттер планын” токтотуу буйругун чыгарды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Ким Чен Ын өзү төрагалык кылган жыйында Түштүк Кореяга каршы аскердик аракеттер планын токтотуу чечимин кабыл алган.

Түндүк Корея чектеш аймактарга үгүт баракчаларын чачты деп Түштүк Кореяны айыптап, Сеулга эскертүү берүү үчүн эки өлкөнүн ортосундагы байланыш кеңсесин жардырып жиберген.

Буга чейин Ким Чен Ындын карындашы Ким Е Чжон Сеул чегара аймактагы активисттердин Пхеньянга каршы баракчаларды таратуусуна тыюу салбаса 2018-жылдагы Түштүк Корея менен жетишилген аскердик келишимди бузабыз деп коркуткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости