www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түндүк Кореянын кыр көрсөтүүсү

Түндүк Корея дипломатиялык кысымдарга карабастан ракеталык сыноолорун улантып жатат.

БУУнун Коопсуздук кеңеши ракеталык сыноолордон улам Түндүк Кореяга карай санкцияларын кеңейтүүгө чечим чыгарышынан кийин бир жума өтө электе Түндүк Корея дагы бир жолу кыр көрсөттү.

Түштүк кореялык аскердик булактар, Түндүк Кореянын бирден көп баллистикалык ракетасын учургандыгын маалымдашты.

Түштүк Корея армиясынын булактарынын Йонхап маалымат агенттигине билдиргенине караганда, кургактан деңизге учурулган ракеталар орто эсеп менен 200 километр алыстыкка түштү.

Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэинге, Түндүк Кореянын ракеталык сыноосуна байланыштуу маалымат берилди.

Түндүк Кореянын ракеталык сыноосунан кийин АКШнын ракеталык коргонуу системаларын активдештиргени билдирилди.

Акыркы сыноо, Түндүк Кореянын быйыл өткөргөн 10чу сыноосу катары катталды.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости