www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бийлик алмашкандан бери экс-президент А.Атамбаевдин доорундагы ири курулуштардан жеп-ичкен фактылар аныкталып, чет өлкөлөргө качууга үлгүрбөгөн чиновниктер камалып жатышпайбы. Андыктан Бишкек ЖЭБинен кийинки эле ири коррупциялык схема альтернативалуу түндүк-түштүк жолу болору айтылууда. Ал тургай жалпы баасы 800 млн. долларды чапчып, Кытайдан алынган кредиттин 600 млн. доллары “олжолонуп” кеткендиги тууралуу айтылып кетти. Эл оозундагы бул имиштер Парламенттин депутаттарына да жетип, ЖК Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитети бул жолдун курулушуна бөлүнгөн каражаттын жумшалышын иликтеген депутаттык жумушчу топ түзүп жиберди.

Анын жетекчилигине кокусустукпу же тагдырдын тамашасы мененби, “Бир Бол” фракциясынан мандат алган К.Жумалиев дайындалды. Баса, бул адам тээ А.Акаевдин доорунда “лаборант” деген ат менен белгилүү эмес беле. Кийин, 2005-жылдагы март ыңкылабында устаты Маскөөнү карай качканда өзү да көп жылдар боюу дайыны билинбей кеткен. Анткен менен Бакиевдин бийлиги кулатылгандан соң тополоңдун шары менен “реаблитация” болуп, элге аралашып кеткен. Мындан эки жыл илгери лаборанттык “илимий ачылыштарынын” арты менен мандатка жетишип да алды.

Баарынан да К.Жумалиев былтыр бийлик алмашарына аз калганда түндүк-түштүк альтернативалуу жолуна А.Атамбаевдин атын берүү демилгесин көтөрүп чыгып, баарыбыздын оозубузду Арашанды караткан. Эми минтип ошол жолдогу коррупциялык иштерди текшерүү милдети жүктөлүүдө. Деги парламент депутаттары карышкырга кой кайтартып койгон жокпу?

Булак: “Майдан.кg”

Последние новости