www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 11-ноябрда Өкмөт үйүнүн жанында “Түндүк электр” ААКнын кызматкерлери митингге чыгышып, жумуштан бошотулган директору Доскул Бекмурзаевди кызмат ордуна кайтаруу талап кылып жатышат.

Митингчилер менен жолугушууга “Түндүк электр” ААКтын техникалык директору Темиркул Дайыров келди. Чогулгандар ага Бекмурзаевдин кызматтан алынышынын мыйзамдуулугу боюнча суроо бере башташты.

Сиз Бекмурдаевдин арызын көрдүңүзбү? деген суроого Дайыров “көргөн жокмун” деп жооп берди.

“Эмнеге көрбөйсүз? Сиздин колуңуз коюлуп, буйрук чыгып жатат” – деди митингдин катышуучусу. Буга техникалык директор толук жооп берүүгө үлгүргөн жок. Ал убакта митингчилер “кетсин!” деп кыйкырып, кол чаап, ышкырышты.

Натыйжада техникалык директор митингди таштап кетүүгө аргасыз болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости