www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиядагы кыргыз мигранттардын ордун түркмөндөр ээлейт

Россиянын “Версия” басылмасы миграция ротациясы болуп, натыйжада Россиядагы кыргыз мигранттарды түркмөндөр менен алмаштырылаарын жазды.

Алардын айтымында, түркмөн парламенти шашылыш түрдө, бир күндө эле, 17 жыл мурун түзүлгөн орус-түркмөн кызматташтыгы боюнча келишимди ратификациялады.

“Кайда жана эмне үчүн ушунчалык шашты? Ишенимден кеткен кыргыздардан тазалануу алдында турган Россиянын эмгек рыногун ээлеп алууга убакыт табыш керек экени түшүнүктүү!” – деп айтылат макалада.

“Бишкекте төңкөрүш өткөрүп, шашылышты, ал Москва тарабынан жактырылбаган. Мурунку жана жаңы бийликтер Россиянын карызын төлөбөйбүз деп өз ара тил табышып, амалкөйлүк кылышкан окшойт. Мурунку бийлик кетип жатканда, SWIFT төлөм системасын (Кыргызстандан ири суммадагы акча каражаттарын чет өлкөгө которуп жибербөө үчүн) расмий түрдө кесип салгандыгы бекеринен эмес.

Бирок Москвада акылга сыярлык ой жүгүртүштү: өнөктөштөр ишенимди кыянаттык менен пайдаланып, алдап жатышат. Аларды жазалоо максатында – жылдын аягына чейин Россиядан 1,5 миллионго жакын эмгек мигранттары Кыргызстанга кайтышат (белгиленген тартипте жол-жоболоштурбастан биздин өлкөнүн аймагында жүргөндөрдүн бардыгы). Ал эми 2021-жылдын жаз айына чейин дагы бир миллион кыргыз мекенине кетет (каттоодон өтүп, бирок орус паспортун алууга жетишпегендер). Натыйжада, Россияда миллионго жакын кыргыздар ( кош жарандыгы барлар) калат. Ал эми Кыргызстандын жаңы жетекчилиги кайтып келгендер үчүн жумушчу орундарды кайдан жана кантип табуу керек деген оор маселени чечиши керек. Эгерде чечишпесе мурунку үч өкмөт алмашкандай, алардын бийлиги да жок кылынат” – деп жазат басылма.

Басылма, кыргыздар ооздукталбаган мүнөзүнөн улам Россиянын жашоосуна көнүп кете албаганын, бир нече жыл бою укук коргоо органдарынын кызматкерлери улуттук кылмыштар жөнүндө маалыматтарды ачыкка чыгаруудан уялышканын, акыры ачыкка чыгарып, акыркы тогуз айда ал жерде кыргыздар үстөмдүк кылып келишкенин жазат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости