www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда коронавирустун экинчи толкуну болуп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 11-ноябрда саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев «Биринчи радиого» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, коронавирус менен ооруп жаткан адамдардын көбөйүшүнө парламенттик шайлоо алдындагы үгүт иштери, шайлоо жана шайлоодон кийинки абал шарт түздү.

«Бул иш-чараларда санитардык эрежелер сакталган жок. 20-октябрдан тарта вирус жуктургандардын саны көбөйдү. Мен аймактарга барып, ооруканалардын иши менен таанышып келдим. Коронавирус боюнча Бишкек шаарында, Ош, Баткен облустарында абал туруктуу эмес. Калган аймактарда вируска чалдыккан адамдардын саны азайып жатат», - деди ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости