www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кенештин депутаты, «Беш-Сары» спорт клубунун негиздөөчүсү Камчыбек Жолдошбаевди кимдер гана билбейт? Жолдошбаев спортчуларга заманбап шарт түзүү менен бирге, аларга ар тараптуу колдоо көрсөтүп келерин абалтан билем. Депутаттын максаты – кыргыз спортчуларын дүйнөлүк аренага алып чыгып, Кыргызстандын желегин желбиретүү болуп саналат. Клубда 500дөн ашык бала күнүгө машыгат. Спортчуга керек болчу кийим-кечеги жана башка каражаттар толугу менен камсыздалат. Ийгилик жаратыш үчүн мыкты машыктыруучулар менен тыкыр иш жүргүзүлөт. Экинчиси, эл өкүлү катары коомдук иштерге активдүү катышып, идиректүү демилгелерди элден биринчилерден болуп көтөрүп чыгып, иш жүзүнө ашырууда болгон күч аракетин толук жумшап жүргөнүнө күбө болуп келебиз.

Менин баамымда «Беш-Сары» спорттук клубунун түптөлгөнүнө 20 жылдын жүзү болуп калды. Учурунда волейбол оюнунан башталган. Кыз-келиндер арасындагы командасы Кыргызстандын 10 жолку чемпиону болуп, дүйнөлүк чемпионаттарга катышып, жакшы ийгиликтерге жетишкенинен кабардарбыз. Ушу тапта бери дегенде 4 спорттук залы бар. Камчыбек мырзанын Кыргызстанды дүйнөгө таанытууда эмгеги чоң. Бүгүнкү күндө Жолдошбаев түптөгөн “Беш-Сары” спорт комплексинин спортсмендери дүйнөлүк чемпионаттарда жеңишке жетишип, алтын медаль тагынышып, Кыргызстандын туусун бийик желбиретүүдө. Бул көрүнүш кыргыз жаштарын спортко шыктандырып, өзгөчө улут саламаттыгын чыңдоодо да эбегейсиз стимул кылып атат десек жарашат. Камчыбек Жолдошбаев өзү да спортс­мен катары бир топ жогорку даражадагы спортсмендерди тарбиялаган. Мамлекетибиз эгемендик алган алгачкы он жылдан ашуун КР Волей­бол федерациясын жетектеп, кыздар жана эркектер командасына жогорку класстагы волейболчуларды өстүргөн болчу. Бүгүнкү күндө ал КР Волейбол федерациясынын ардактуу президенти. Дене тарбия жана спорт академиясынын ардактуу профессору, эл аралык дүйнөлүк бел боо күрөшү федерациясынын ви­це-президенти.

Кечээ күнү өзү туулуп өскөн Ат-Башынын Кызыл-Туу айылына барып, өзүнүн жеке каражатына курулган стадиондо хоккей оюну боюнча райондук масштабда “Ат-Башы” кубогуна арналган мелдеш өткөрүү менен, ара-чолодо райондун кээ бир айылдарындагы элдер менен жолугушуп кайтты. Жолугушуу учурунда эл өкүлүнө бир топ көйгөйлүү суроолорун беришип, ынанымдуу жоопторун алышты. Хоккей оюну боюнча мелдеште байгелүү орундарды ээлеген командалар кубок, диплом жана акчалай сыйлыктар менен эл өкүлүнүн колунан сыйланышты.

Эми эл өкүлүнүн саясый ишмердүүлүгү тууралуу азыноолак кеп кылууну эп көрүп отурам. Муну козгобой эле коёт элем. Бирок, шүк жатып алуу менин абийириме жол бербейт. Андыктан эки ооз сөз. Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык КР Жогорку Кеңешинин депутаттарына мыйзам чыгаруу, алардын аткарылышын көзөмөлдөө жана өз ыйгарым укуктарынын жүзөгө ашырууга ар кандай багыттагы милдеттер жүктөлгөнү анык, алардын ичинде:

– өлкөбүздүн социалдык-экономикалык жана маданий өнүгүшүнө салым кошуу;

– шайлоочулардын сунуш-талаптарын аткарууга тийиштүү иш-чараларды жүргүзүү;

– аймактардын жана элдин көйгөйлүү маселелери менен жеринде барып таанышып, алардын мамлекеттик жана өз алдынча башкаруу органдары тарабынан чечилишине көмөк көрсөтүү ж.б.

Өзгөчө КР президенти Сооронба Жээнбеков тарабынан үстүбүздөгү 2018-жыл «Аймактарды өнүктүрүү жылы» катары жарыялангандыгы Жогорку Кеңештин депутаттарынын жер-жерлерге бат-баттан жана көп чыгуусун, көйгөйлүү маселелерди аныктап, аларды чечүү жолдору боюнча көптөгөн иштерди жүргүзүүлөрүн талап кылат.

Тилекке каршы, Жогорку Кеңештин үчтөн биринин ар тараптуу иштеринде – шайлоочулар, аймактардын тургундары, жарандык коомчулук менен жолугушууларын уюштуруусуна жана алардын көйгөйлүү маселелеринин чечилишине ыкчам жана толук кандуу иш алып баруусуна аларга бекитилген автоунаалардын, ошондой эле жардамчылардын болбогондугу бир топ кыйынчылыктарды жаратууда.

Ушуга байланыштуу жана бул багыттагы ой-пикирлер, муктаждыктар көпчүлүк депутаттар тарабынан көтөрүлүп, колдоосуна ээ болуп жаткандыгын эске алып, Камчыбек иним бул маселени жакында ЖК трибунасынан жабык эшиктин артында депутаттардын гана катышуусу менен аталган маселелерди талкуулап, тийиштүү чечим кабыл алынышын сунуштаган. Жогоруда айтылган кептерди жалпак тил менен айта кетейин. Эл өкүлүндө кызматтык машине жана жардамчысы болбосо кантип алыскы аймактагы эл менен жолугат? Акесинин машинесин жалдайбы же такси менен барабы? Ушул жааттан алып караганда, Жолдошбаев эң туура маселени көтөрүп чыкты. Абдан кубаттап отурам. 120 депутаттын 110унда (болжол менен, мен деле билбейт экенмин) тепкен машине бар, калган онунда жок. Камчыбектин демилгеси эми ишке ашпаса болбойт. Кыскача ушу.

Бекмат Айдаралиев

Булак: "Азия Ньюс" 

Последние новости