www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров башынан эле чарбачыл адам», - деди бүгүн, 15-августта NazarNews маалымат агенттигине экс-депутат Туратбек Мадылбеков.

- Туратбек агай, Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров жакшы эле иштеп жатабы?

- Жакшы эле иштеп жатат. Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров башынан эле чарбачыл адам болчу. Шаардын мэри негизи чарбачыл адам болушу керек. Мэр чарбачыл болгон үчүн бир топ маселени жөнгө салып кетти. Бишкекке мэр болуш да оңой эмес. Ал кызматтын да түмөн түйшүгү бар. Ошондой болсо да, мэр иштин көзүн таап, жакшы иштеп жатат.

- Окуу жылы башталганча 15 мектеп салынып, окууга берилгени жатыптыр. Бул маселе да бийликтин, мэрдин жакшы иштеп жатканын айгинелейби?

- Албетте, баары маселени чечели деген аракеттери күч болгон үчүн кыска убакытта заманбап стилде салынган 15 мектеп колдонууга берилегени жатат. Мектеп салуу зарылчылыгы да мектепти тез арада салууга аргасыз кылууда. Себеби, бир класста 40-45 баладан окуган учурлар көп. Союз мезгилинде бир класста 30 бала болсо, жетиштүү көңүл бурулбай калат.

Балдар менен сүйлөшүүгө, терең билим берүүгө мугалим жетишпей калат дешчү. Азыр болсо, мугалимдер 40-45 баланы окутууга аргасыз. Ошон үчүн жаңы мектептерди куру, абалды жөнгө салып. Окуучулар жетиштүү билим ала турган шарт түзүшүбүз керек. 15 мектеп менен эле токтоп калбай, дагы 30 мектеп салышыбыз керек.

Баса, буга чейин массалык түрдө болбосо да, жаңы конуштарда бирин, экин мектептер курулуп келген. Ошондой эле жаңы конуштар түшө баштаганда мектеп, бала бакчага бөлүнгөн жерлер да сатылып кеткен.

Укук коргоо органдары мына ошол фактылардын баарын иликтеп, мектептин, садиктин жерлерин мамлекетке кайтарышы керек. жаңы конуштар кимдир бирөөлөр сатып жиберген жерлердин азабын тартпай, мектептүү, бала бакчалуу болушу керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости