www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Асел Сартбаева өз диссертациясын 2004-жылы Кембрижде жактагандан кийин 3 жыл АКШда иштеп, андан соң Оксфорддо эмгектенип, азыр Англиянын батышындагы Бата университетинде илимий топту жетектейт. Бирок, Аселдин өзүнүн айтымында, Кыргызстан Илимдер академиясы же көптөгөн кыргыз университеттеринен аны менен азырынча эч ким байланыша элек.

Вакциналар же башка туруктуу эмес дарылар азыр муздаткычта сакталат, Асел Сартбаева болсо – аларды кварцтан жасалган полимер менен каптап койсо, муздаткычтын кереги жок болот деген ачылыш жасаган. Бул тууралуу анын биринчи макаласы 2017-жылы чыккан, андан бери ал көптөгөн эл аралык сыйлыкка ээ болуп, ЮНИСЕФтин элчиси аталып, Улуу Британиянын илимдер академиясынын грантын да алган.

Кыргыз окумуштуулары болсо мунун баарын же көрбөйт, же көрсө да түшүнбөйт. Антпегенде, бая эле Сартбаевага «ардактуу профессор» наамын берип, же жок дегенде байланышып, анын жетекчилиги алдында иштегенге студент-аспиранттарды жибере баштамак.

Последние новости