www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
5-декабрда АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу журналисттердин алдында Кыргызстандагы кырдаалды мафия кинолору менен салыштырды. Ал эми 7-декабрда Тышкы иштер министрлиги элчи Лунун айткандарында «ички иштерге кийлигишүү менен тергөөгө басым жасоонун элементтери бар» деген билдирүү таратты.
- Эл аралык нормаларда башка бир өлкөнүн өкүлү экинчи бир мамлекеттин ички ишине кийлигишүүсүнө жол берилеби?
- Кайсы бир өлкөнүн ички саясатына бир дагы мамлекеттин элчилери же кандайдыр бир өкүлдөрү кийлигишүүсүнө болбойт. Бул эл аралык карым-катнаштардагы нормаларга кирет.
Ал эми Американын биздеги элчисинин кандайдыр бир фактылары болсо, ал өзүнүн каналдары аркылуу өлкө башчысына жана укук коргоо органдарына билдирсе болмок. Анын журналисттердин алдында тараткан маалыматын «ички саясатка түздөн-түз кийлигишүүсү» катары эсептейм.
- Эмне үчүн ал бул билдирүүнү таратты деп ойлойсуз?
-Дональд Лу бул билдирүүнү эмне себеп менен айтканын так билбейм. Бирок, элчинин айткандары укук коргоо органдарынын чабал ишин айгинелеп турат. Лу айтып жаткан нерселер менен укук коргоо органдары түздөн-түз иштөөгө милдеттүү да.
Алар тескерисинче, коррупционерлер, уюшкан кылмыштуу топ менен чогуу иш жасап жүргөндөрү эл арасында айтылып эле жүрөт. Элчи айткандай сөздөргө жол бербеш үчүн профессионалдар кызмат кылышы керек эле.
Бизде болсо 10 жылдан бери эле бийликке уюшкан кылмыштуу топтун өкүлдөрү умтулуп жатышат. Алар ЖКда дагы жүрүштү.
Мыйзамдар иштебегендиктен же алардагы мүчүлүштүктөрдөн улам, башка өлкөнүн өкүлдөрү ушинтип ички саясатка карата өз ойлорун билдире беришет.
Экинчиден, анын айткандарын биздин бийликке карата коңгуроо катары түшүндүм. Эгер өз маселелерибизди убагында чечпесек, ири мамлекеттердин ички ишибизге кийлигишүүсү улана берет.
- Буга чейин дагы ушундай кийлигишүүлөр болду беле?
- Ооба, Бажыдагы көйгөлөр тууралуу мындан 1-2 жыл мурда Казакстандын премьер-министри да айткан. Бул нерселер өкмөттүн айтылып жаткан проблемага көз жумуп коюшунан улам келип чыгып жатат.
Мындай билдирүүлөргө чекит коюш үчүн, ошол көйгөйлөрдү иликтеп, күнөөлүүлөргө чара көрүш керек да.
Укук коргоо органдары журналисттик иликтөөлөргө карата эч бир жыйынтык чыгаруучу иш алып барган жок. Мунун айынан бир эле АКШ эмес, эртең башка бай мамлекеттер дагы үстөмдүк кыла бериши толук мүмкүн.
Булак: "Азия News" гезити