www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ошентип КР Баш мыйзамы 27 жашка толду... Баш мыйзамды каалаганы каалагандай калчап, ары тартып, бери тартып ойношуп, ал тургай жоготуп да жиберишип дүйнө жүзүнө шылдыңга калышты. Айта берсең арман көп,  өткөн күнгө кол шилтейли дагы юридка илимдеринин доктору, профессору, Жогорку Кеңештин IV чакырылышынын депутаты, Россия акедемиясынын мүчөсүнүн корреспонденти Турдукан Жумабековага баш мыйзам тууралуу микрафон суналы. 

--Саламатсызбы Турдукан айым. Эми 27 жашка чыккан Баш мыйзам тууралуу кеп кылып, Баш мыйзам тууралуу кыскача токтолсоңуз.

--КР он экинчи шайланган Жогорку Кеңешинин 12-сессиясында 1993-жылдын 5-майында кабыл алынган. Бул мыйзам тарыхый мыйзам деп айтсак болот. Бүгүнкү күнгө чейин 1993-жылкы мыйзам өзүнүн актуалдуулугун жоготпой келет. Анткени бул мыйзам бычактын мизиндей курч жазылган мыйзам болчу. Ал убакта бүткүл Орто Азия чөлкөмүндө Тажикстан, Армения, Азербайжандарда жарандык согуш жүрүп, биринин артынан бири төңкөрүш болуп турган учурунда кабыл алынган мыйзам. 1993-жылкы мыйзам союз ыдырай электе, Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан 2 жыл өткөндөн кийин расмий кабыл алынган. Эң башкысы ушул мыйзам 2 жыл жазылган. Мыйзамды биздин корифейлер жашы улуу, союздан кийинки чыныгы дили, дини менен жүрөгү таза ата мекеним деп иштеген гана өзүнүн жеке кызыкчылыгын ойлобогон адамдар жазган. Бул мыйзам чын эле өлкөнүн мамлекетти ушул элдин бакубат жашоосуна, мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошо турган мыйзам болгон. Бийлик бутактарында дагы ыйгарым укукутары теңделген. Тилекке каршы, өтө өкүнүчтүүсү кыргыздын канында бар окшойт, мыйзамды тунгуч президентибиз бир жылдан кийин, тагыраагы 1994-жылы кайра референдум менен өзгөртүүгө дуушар кылган. 

--Эмне себептен?

--Себеби, ошол убактагы парламент Өкмөттү отставкага кетирген. Биздин президентибиз "менде ыйгарым укуктарым аз экен, кеңейтишим керек", деп доомат менен өзгөртүүгө барган. Ошондон бери жамгырдан кийинки козу карындай болуп болуп эле биздин конституция жамачылынып, быт-чыты чыгып бүгүнкү күнгө чейин өзгөртүүгө дуушар болуп жатат. 94-98, 2001, 2003, 2006-жылдары Баш мыйзам биринин артынан бири өзгөрүлдү. Биздин эң чоң катачылыгыбыз, Баш мыйзамды кайра-кайра өзгөртүүгө дуушар болгондун себеби, ал мамлекет менен экономиканын өнүгүшүнө багытталбай, ыйгарым укуктар президенттин жана ЖК Өкмөттүн ыйгарым укутарын бөлүштүрүү болуп калды. Ар бир бийликке келген президент баш болуп, Баш мыйзамды өзүнө ыңгайлуу жана ылайыктуу кылып Баш мыйзамга кол салышты.

--Бул кадамды эл кандай кабыл алып жатты?

--Баш мыйзам бул ыйык нерсе, өлкөнүн фундаменти. Баш мыйзам чоң-ядро. Баш мыйзамды Курандай ыйык тутушубуз керек. Тилекке каршы, биздин мамлекетте Баш мыйзам оюнчук катары болуп калды. Бул туура эмес. Ошондуктан элибиздин туруксуздугу, мыйзамга салкын көз карашы, мамлекеттин өнүгүшүнүн туруксуздугу эл билбеген аткаминерлер сыйлабаган Баш мыйзамга көз каранды. 

--Демек, Баш мыйзам талкаланыптыр да...
--Албетте, биз Баш мыйзамды талкаладык, анын талкаланышы менен биз жок болуп кетпейбиз деп эч ким кепилдик бере албайт. Биз ошону түшүнүшүбүз керек. Ошондуктан, бул парламентте Баш мыйзамды жазгандар дагы парламент мыйзамды кабыл ала турган орган болгондуктан, мыйзамды түшүнгөн, жазган адамдар олтуруш керек. Биз 2010-жылдан бери Баш мыйзамга илимий-практикалык түшүндүрмө берип келе жатабыз, кечилдиктер толтура.

--Эмне себептен Баш мыйзам ат тезегин кургатпай эле өзгөртүп жатат?

--Баш мыйзамдын ушунчалык тез өзгөргөнүнүн себеби толтура. Мен өзүм Баш мыйзамга түшүндүрмө жазган юрист катары айтайын, башым айланып калды. Карапайым катардагы жарандар Баш мыйзамдын эмнеси кабыл алынып, кайсы беренеси жокко чыгарылганы билбей да калышты окшойт. Ошондуктан, Баш мыйзамды эл түшүнбөй эле жашап жатат. Мыйзамдарга тез-тез өзгөртүү киргизгени тажатты. Эми эле көнүп иштетип баштайлы десек, кайра эле өзгөрүп кетет, бул туура эмес. АКШнын Баш мыйзамы 1787-жылы кабыл алынган. Ушул убакка чейин 27 жолу эле түзөтүү болгон. Биздин чоң катачылыгыбыз баш мыйзамды өзгөрткөнүбүз менен аны конкретизация кылган жок. Аны конституциялык палата талкуу кылыш керек эле. Азыркы Конституцияда ички жана тышкы саясатты ким аныктайт? Кимдин жоопкерчилиги кандай, эч нерсе так жана даана көрсөтүлгөн эмес. Мындай мисалдар толгон токой.
--Анда 2010-жылы 27-июнда кабыл алынган Баш мыйзамды окуунун эмес, угуунун кажети жок турбайбы?

--2010-жылы, 2020-жылга чейин, “КР Баш мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө” мароторий киргизгенине карабай, 2016-жылы Баш мыйзамды өзгөртүүгө дуушар кылышкан. Ошондо Өкмөт башчынын ыйгарым укугун болуп көрбөгөндөй ыйгарым укукка ээ кылган. Бүгүн Өкмөт ошол ыйгарым укуктарын пайдаланып жатабы же Кыргызстанды кандайдыр бир чоң өнүгүүгө алып келдиби? –Жок! Өкмөт ыйгарым укукту алды, бүгүнкү күнгө чейин жылыш жок. Анткени азыркылар “өлбө жаным” менен келе жатат, ушул кадам менен кете берсек, жакшылыктан үмүт кылып кереги жок.
--Парламенттик башкарууну тандап алдык, туура эле кадам болдубу?

--Ооба, парламенттик башкарууну тандап алдык. Ал учурда дагы Орто Азиядагы кошуна мамлекеттердин арасында “биз ушундай чоң кадам жасадык” деп, көкүрөк какканбыз. Тилекке каршы, парламент өзүнүн ыйгарым укуктарын дагы пайдалана алган жок.

--Парламент ошондо мыйзамдардын тынымсыз кабыл алынышы менен “баатырдык” кылдыбы? 

--Укук дейбиз милдет жок, бизде укук гана бар, милдет менен жоопкерчиликти унутуп калганбыз. Мисалы, Нидерландияда мыйзамдагы эки сүйлөмгө өзгөртүү киргизип окуудан өткөрүү үчүн 6 айлап парламентте талкуу кылышат. Бизде бир күндө 20 мыйзамды жөн элек кабыл алып коюшат. Ошончо мыйзамдын тез-тез кабыл алынышына биздин мамлекет дүркүрөп өсүп, мыйзамды кабыл алгандай өсүп жатабы?! Мыйзамдарды анализ кылган эч ким жок, сапатсыз, бири-бирин кайталаган, батышты таңуулаган, гранттарды алыш үчүн гана жазылууда. 

--Мыйзамдарды көзөмөлдөгөн атайын орган барбы?

--Адилет министрлигинде мыйзамдарды анализ кыла турган атайын чоң бөлүм бар. Алар эмне менен алек болуп, эмне үчүн кайталанган мыйзамдарга жол беришүүдө. Эмне үчүн мыйзамдар экспертизадан кылдаттык менен өтпөйт. Кемчилдиктер толтура, мыйзамсыз кадамдарга ачык-айкын эле кадам шилтеп жатабыз. Ал үчүн жооп берген киши жок.

-- 2010-жылдагы КР Баш мыйзамга кандай карайсыз?  

--Мен жогоруда айтып кеттим. 1993-жылдагы КР Баш мыйзамы 2 жылда Союз учурунда жазылган, эки жыл талкууга алынган. Ал эми, 2010-жылы КР Баш мыйзамы бир айда жазылып жатат, бул эмне деген шумдук. Бир айдын ичинде парламенттик башкарууга барып, бир эле айдын ичинде конституциялык палатанын кеңешмесинде каралып өтүп, УӨ чагылгандай тездик менен кабыл алган. Бул жол менен кете берсек, биздин эртеңки келечегибиз жок деп ачык айтсак боло берет. Баш мыйзамды өзгөртүү каада-салтка айланып, аткаминерлердин оюну болуп, мыйзамды топтой кылып тээп салышты. Тактап айтканда, Баш мыйзамды жамай берип тешиги да калбай калды. Өкүнчтүүсү, 2010-жылы Баш мыйзамды кабыл алары менен биздин Убактылуу Өкмөт 61 декрет чыгарган. Ал декретти эмненин негизинде чыгарды? Өздөрү кабыл алган 2010-жылдагы Баш мыйзамда өздөрү жөнүндө жана декрет жөнүндө сөз жок.  Баары мыйзамсыз болгон. Ошондогу кабыл алынган декреттердин баары мыйзамсыз. Буга ким жооп берет? Эмне үчүн биз мыйзамсыздыкка жол берип жатабыз? Кыргызстан 1993-жылдагы баш мыйзам менен жашаса болмок. Мыйзамдар тез-тез кабыл алына бергенден өлкөдө туруктуулуктун жоктугу, элибиздин укуктук жактан аң-сезими өспөй калууда. Же жоопкерчиликтен качуу үчүн атайын кылып жатышкандай. Ошондуктан, жеке кызыкчылыкты эмес, жоопкерчиликти биринчи орунга коюшубуз керек...

--Өкүнүчтүү албетте, эми бул Баш мыйзамды түздөсө болобу же дагы 25 жыл күтүш керекпи? 

--Туура суроо, бул сенин журналистик сурооң, эгерде юрист болсоң өзүң ушуну чечмелемексиң, актуалдуу суроо... Баш мыйзамда эч кеп жок! Баш мыйзамдын ичинде абдан сонун беренелер бар. Анда адам укуктары, кыргыздын улуттук-каада салтына ылайыктуу идеологиялар көрсөтүлгөн. Анын бири дагы иштебей кагаз түрүндө жатат. Кеп адамдык фактордо. Бизде мыйзамды түшүнгөн, демократиялык укуктук өнүгүүнү, элдин бакубат жашоосун, мамлекеттин бүтүндүгүн жана өсүүсүн каалаган кадр жок. Өкмөт жана өкмөттүн сабатсыздыгы бүтүндөй мамлекетке кедергисин тийгизип жатат. 

--Билесизда, биздин Баш мыйзамдын “буту бар” жоголуп кеткен, юрист катары болуп өткөн окуяга кандай көз караштасыз?

--Бул жеткен шалаакылык. Уят. Негизи бизде жоопкерчилик жок. Эгерде биздин бийлик бутактары ушундай одоно катачылыктарга жол берсе, сапатсыз кадрлардан, сапатсыз мыйзамдар жарала берсе, анда ошого жараша эл болот. Бизде укуктук маданият жок, укуктук жактан сабатсызбыз. Ошондуктан туруктуу өнүгүү болбой жатат.

--Кайрадан Баш мыйзам өзгөрүшү мүмкүнбү?

--Баш мыйзамыбыз өтө жакшы. Эл Баш мыйзамсыз эле жашап жаткандай. Куранды кармагандай, сыйлагандай Баш мыйзамды сыйлашыбыз керек. Баш мыйзамды алмаштыруу каада-салт болуп калды. 

 --Рахмат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости