www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тургун Жангозуев:

Өсүмдүктөр чиринди жок жашай албаса, жаныбарлар анын ичинде адамдар да бар өсүмдүкөрдүн жер жемиши болбосо, жашай алышпайт. Бул тууралуу элдик дарыгер Тургун Жангозуев NazarNews маалымат агенттигине билдирди.

Жаратылыштын мыйзам ченемдүүлүгүнө бир аз көз чаптырып көрөлүк. Жер бетинде өсүп-өнүп, өзүнүн жемишин берип, кайра чириндиге айланып, ошол чириндиден өздөрү да азыктанышып, кайрадан жемишин берген жер бетинде өскөн бул - өсүмдүктөр. Анын жемишин кимдер жейт? Жаныбарлар, алардын ичинде адамзат да бар. Алар өсүмдүктөрдүн жемишин жеп өсүп-өнүп, этегинде чиринди дайардайт.

Өсүмдүктөр чиринди жок жашай албаса, жаныбарлар анын ичинде адамдар да бар өсүмдүкөрдүн жер жемиши болбосо, жашай алышпайт. Мына ушул жаратылыштын мыйзамченемдүүлүгү ар бир адам баласынын ички органында бар. Жараткан улуу күч адамзатка башка жаныбарлардан өзгөчөлөнтүп акыл-эс сезим берген. Өсүмдүктөрдү да жаныбарлар ды да адамзатка насип эткен. Адам баласынын ички органына жеп ичкен тамак ашты өз убагында аш болуп кетишине жардамчы катары орточо 30 триллион пайдалуу бактерия берген. Адамзат болсо жараткан улуу күч насип кылган тамак ашты өлчөмү жок жей бергендиктен, анын ички органындагы бактериялардын алы жетпей калат. Ашыкча жеген тамак ашты запас иретинде ар кандай бездерге, шишиктерге, маңарларга, кариездерге айландырууга мажбур болот. Пайда болгон шишиктерге жер бетиндеги өсүмдүктөр сыйактуу чириндиден азыктануу укугун берген. Адамдын ичинде чиринди өтө көбөйүп кеткендигине байланыштуу.

А эгерде адам баласы өз өлчөмү менен тамак аш жеп, сууну көбүрөөк ичкенде, өмүрү 500 жылга чейин узармак-деген жыйынтыкка келди айрым окумуштуулар. Адам баласында пайда болгон оорулардын себеби, организмде чириндилердин өтө көбөйүп кетишинен. Демек, оору адамдардын ички органындагы шишиктерди адамдын ашыкча ылгабай тамактануусунда. Адамдын суктугу ачкөздүгүндө анын айыбы, азабы, арманы. Ал жагын билбей, оору-илдетти Кудай жиберди деп, ага күнөнү оодара салабыз. Акылман байыркы кыргыз элинин табыптары ушул ооруну жок кылуу үчүн эмнелерди ойлоп табышкан? Ооруу адамдарга жалаң эле «Көк сууну» ичиришип, башка тамак аштарга толук тыйуу салып, ооруган адамдын ички органындагы 30 триллион бактерияга жардам берип, аларды толук кандуу ишке кийиришкен.

Ал бактериялар организмдин ичинде өсүп-өнүгүп, жашоосун улантыш үчүн, ошол шишиктерден кийин пайда болуп калган бездерден ашыкча тузду, кантты, белок, майды, витаминдерди, керектүү Микроэлементтерди бөлүп чыгарышып, өздөрүнүн жашоосун улантышат. Ооруулуу адамдарга керектүү азыктарды кошуп, аларга жылдап керектүү азыктар менен камсыз кылып, өмүрүн узартып турушат. Ал бактериялар өтө майда болгондуктан шишиктер кайсыл гана жеринде жайгашпасын алар эч бир тоскоолдуксуз бара алышат да, өз милдетин тынымсыз аткарып шишик, бездерди жок кылышат.

Тургун Жангозуевдун байланыш номуру: 0778861629

Биздин редакция жакынкы убактарда рак оорусунун дарылоо ыкмалары менен айыккан бейтаптарыдын пикирлери менен бөлүшөт.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости