www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Шайлоо алдында Улуттук банктын сомдун наркын кармап калуу үчүн дагы 55,4 млн долларды интервенция кылганы элдин демин бир аз басып калды. Улуттук банктын доллардын кунун турукташтыруу үчүн жыл башынан берки бир нече жолку интервенциясынын негизинде жүзөгө ашып отурат.
Алмашуу курсунун кескин өзгөрүүсүн текшилөө максатында Улуттук банк 2021-жылдын 6-ноябрынан тартып валюталык интервенциясы жүргүзгөн. Акылбек Жапаров башында турган министрлер кабинетинин иштегени билинбейт.
Эгер доллардын кунун кызыл кулактык менен жогорулатууну көздөгөн түйүндөрдү жаап салышса туура болмок. Элдин суроо-талабын байкап, ага карата доллардын наркын дароо көтөрүп жибергендер көп. Улуттук банк чыгарган курска көп деле карабай, негизгиси элдин талабына жараша акча алмаштыргандар толтура.
Долларды көбүнчө элдин суроо-талабына карата өйдө-ылдый кылышат. Байкап карасак доллар жок болуп, эл дүрбөлөң боло баштаганда товардын наркы көтөрүлөт. Кээде банктар бир кишиге миң доллардан гана сатат. Ал эми бизнесмендер, базарлардан келгендер миң доллардан эмес, 30, 40, 100 миң долларга чейин алат да.
Банк бербей атса, айласыздан чайкоочуга барышат. Анан талап көбөйөт, чайкоочулар наркын көтөрөт. Улуттук банк 6-ноябрда сомдун наркын кармап калуу үчүн 55,4 млн доллар интервенция жасаганы айтылууда. Бишкектеги акча алмаштыруу жайларында долларды сатып алуу 84,80 сом, ал эми сатуу 84,95 сомго чыкты.
Эксперттер да, чайкоочулар да шайлоодон кийин долларга карата сомдун курсунун кулашы дагы тездеши мүмкүн деп жатышат. Анткени шайлоонун үгүт өнөктүгү маалында саясий партиялар кассада доллар менен каткан акчаларын азыр элге чачып жаткан убак. Ал процесс токтогондо эмне болорун айтыш кыйын.
Кыргыз сому коңшу өлкөлөрдүн улуттук акчаларынын наркы кетип жаткан процесске кошо тартылууда. Өткөн жылдан бери Орусиянын рубли жана Казакстандын теңгеси долларга карата дээрлик 70 пайыз кунун жоготту. Кыргыз сомунун наркынын кемиши өткөн жылы 12 пайыз, бул жылы болсо 16 пайызды түзүүдө.
Улуттук банкта жештин схемасы мындай жума күнү валюта рыногун жөнгө салып, сомдун кунун сактап калуу үчүн интервенцияга шылтоолоп УБ «любимчик» банкына 7,5 млн доллар которот. Алтынчы, дем алыш күндөрү бул акчалар коммерциялык негизде «оборотко» кетишет. Ортодо табылган 1 млн долларды чөнтөгүнө шып салып койот.
Доллардын курсун ал жерде шак түшүрүштү 82 сомго, эки күндө 100 доллардан 100 сом таап, Кубанычбек Бөкөнтаевге бергендерин да, андан тышкары өз курсагын да тойгузушту. Ушундай ач көз банкирлер бийлеп турганда кыргыздар өспөйт. Мындайларды отоо чөптөй жулуп салыш керек. Акчалар кимдин чөнтөгүнө ойноп жатат, бир кудай билет, бир Кубанычбек Бөкөнтаев билет.
Интервенция боюнча кеп кылып кылдык, Улуттук Банкты Толкунбек Абдыгулов жетектеп турганда ооздуктамыш болуп турган, Кубанычбек Бөкөнтаев келгени эмне өзгөрүүлөр болду? Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев мурда орун басар болуп иштеп турган чакта өлкө кир жуучу машинага айланган. Бул ойду аны бул кызматка сунуштаганда депутаттар айткан.
Кубанычбек Бөкөнтаев 2006-2010-жылдары УБ төрагасынын банктарды көзөмөлдөө боюнча орун басары болуп иштеген. Ал Марат Султановдун көздөй кадры экени белгилүү. Ал Улуттук банктын төрагасынын орун басары болуп турганда эмне иш кылганын эске салып коёлу. Өлкө акча адалдаштырган кир жуучу машинага айланып калган.
Ошол кезде өлкөнүн аброю мышык ыйлаарлык эле. Бөкөнтаев "Азия универсал банк" менен "Ысык-Көл инвест" банкы боюнча кылмыш ишине шектелген. Анын убагында көптөгөн банк жалган жерден банкрот болгон. Өмүрбек Бабанов «Кыргызстан» банкын алдым-жуттумдук менен басып алган. Учурунда Кубанычбек Бөкөнтаев кызматтан алынып, кылмыш иши козголгон, бирок кийин соттун чечими жокко чыгарылган.
Кубанычбек Бөкөнтаев айлык акысы 120 миң сом экенин өзү жарыя кылып жүрөт. Бул тууралуу парламент жыйында Кубанычбек Бөкөнтаев өзү депутаттардын суроосуна жооп берип жатып билдирген. Кубанычбек Бөкөнтаевдин айтымында, бул айлык маяна ага 2014-жылы бекитилген. Улуттук банктын төрагасынын эмгек акысынын көлөмү президенттин жарлыгы менен бекитилет. Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаевдин айтымында, бул абдан жоопкерчиликтүү жумуш.
Ал коммерциялык банктар боюнча: «Ал жакта абал өзгөчө. Алар жеке компаниялар. Эмгек акы кызматкер кандай пайда алып келгени менен байланыштуу», - деди. Буга чейин Кубанычбек Бөкөнтаев Жогорку Кеңештин депутаттарына 120 миң сом эмгек ала турганын айткан. Ал эми анын орун басарлары 108 миң сом алса, башкармалыктардын мүчөлөрүнүн эмгек акысы 102 миң сом экени айтылган.
Ал эми Улуттук банкта 705 кызматкер иштейт. Мейли, айлыгы 120 миң сом болсун, ал эми «шабашкасы» канча? Банктан өзү ипотекага үй алып, анын акчаларын «списать» этип салган, тааныштарына пайызы жок «ссуда» берип, эл-журтка кымбат баада насыя берген Кубанычбек Бөкөнтаев алтынды «кактап» жесе керек, себеби Улуттук банкта алтындын кору азайып баратат. Ал алган 120 миң сом айлык ал үчүн кепек ордунда деле болбосо керек.
Кубанычбек Бөкөнтаев жетектеген Улуттук банктын алтын корунун наркы 62,5 миллиард сомго түшүп кетти. Бул — Кыргызстандын Улуттук банкынын сайтындагы маалымат. Алтын-валюталык кор (эл аралык валюталык резерв) Улуттук банкка сомдун курсун кармап турууга мүмкүндүк берет. Резервдер валютанын ондон ашуун түрлөрүнөн, СDR (карыз алуунун атайын укуктары — Эл аралык валюта фондунун жасалма резервдик жана төлөм каражатынан) жана алтындан турат.
Алтындын наркы:
сентябрь айынын башында — 99 миллиард 33,7 миллион сом;
октябрь айынын башында — 82 миллиард 389,6 миллион сом;
ноябрь айынын башында — 36 миллиард 439,1 миллион сом.
Башкача айтканда, ноябрь айынын башынан тарта алтын корунун наркы 62 миллиард 594,6 миллион сомго же дээрлик үч эсеге арзандаган. Анткени эл аралык резервдин жалпы көлөмү (алтын жана ар кыл валюталардан турат) бул мезгил ичинде анчалык деле өзгөрбөгөнүн белгилей кетели:
ноябрь айынын башында — 211,3 миллиард сом;
октябрь айынын башында — 217,3 миллиард сом;
сентябрь айынын башында — 213,6 миллиард.
Зина Асангожоева деген мурунку Улуттук банктын төрайымы 30 млн долларды жок кылып Москвага качып кеткен, ошондо ордуна келген. Коррупциялык схеманы Зина Асангожоева баштаган 7,5 млн долларды инфляцияны төмөндөтүш үчүн тиешелүү банкка которчу.
«Шапкесине» 1 млн доллар алчу. Аны алгандар долларды 66 сомдон кылып сатып, ортодо 6,5 млн доллардан 6.5 млн сом пайда табышчу. 30 миллион долларды бөктөрүп алып Асангожоева Зина Улуттук Банктын жетекчилигинен качкан бойдон чет мамлекетке кеткен. Ал мурун өкмөттүн финансы бөлүмүнүн башчысы катары, акчанын «атаманы» болгон.
Асангожоева Зинанын качып кеткенине ичи ооруган бойдок акелердин көздөрүнөн жаш куюлат, себеби кара-тору карт бойдок эжекебиз, канчаларды «кидать» этип эки кызы менен качып кеткен.
Кийин анын ордун Толкунбек Абдыгулов ээлеген. Улуттук банкты мурун жетектеп жүргөн Абдыгулов Толкунбекти Сапар Исаков өкмөт башына келгенде вице-премьер кылып дайындаган. Алар камалаар менен кайра Улуттук банккка зыйт койгон. Толкунбек мырза эл канча толкуса да, былк этпей, Улуттук банкты көп жыл мыкчып турду.
Сапар Исаков соттолуп, түрмөдөн дыргаяктап качкан бойдон Москвада Миллер менен байланышып жүрөт. Анын ою - мамлекет башына келүү, мыйзамдуу келе албаган соң, күч менен кантип тартып алуунун «Барбаросс» планын түзүп жатат.
Ал эми Толкуш Улуттук банкта өз схемаларын түзүп, элдин башын айлантып, акча жасап акыры амалынын сыры белгилүү болуп ордунан жылбышкан. Бирок айласын таап ким бийликке келсе шак жабышкан бойдон калчу эле...
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg