www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстанда тургундардын даттануусунан кийин өлкөнүн транспорт министри Азим Иброхимдин бир тууганы Хасан Иброхимзода Балжуван районунун башчысынын орун басары кызматынан алынды.

"Озоди" радиосу жергиликтүү акимчиликтеги өз булагына таянып, Иброхимзода президент Эмомали Рахмондун жеке көрсөтмөсү менен жумуштан четтетилгенин кабарлады.

Азырынча район башчысынын орун басары эмнеге иштен алынганы айтыла элек. Экс-аткаминер өзү журналисттер менен сүйлөшүүдөн баш тартууда.

Хасан Иброхимзода кызматтан алынганын райондун башчысы Бахтиёр Сафарзода да ырастады. "Бул чечимди өкмөт кабыл алды. Азыр Иброхимзода эч жерде иштебейт", - деди ал.

Буга чейин Балжуван районунун тургундары Хасан Иброхимзоданын чечимдери боюнча бир нече жолу даттанышкан. Алардын бири Саидмумин Давронов акимдин орун басарынын чечими менен анын эки гектар жерин мыйзамсыз тартып алышканын билдирүүдө.

"Биз ал жерге мыйзамдуу түрдө 5 миң түп бак тиккенбиз, бардык керектүү документтерибиз бар. Бирок Хасан Иброхимзода жерди башка адамга берүү буйругун чыгарды. Буга чейин менин бакчамды жок кылууга да аракет кылышкан. Белгисиз адамдар түшүм бере баштаган 70 бакты кыйып салышкан", - деди Давронов.

Ал Иброхимзода кызматтан алынганынан карабастан, ага келтирилген чыгым үчүн компенсация төлөнүп берилбегенин билдирүүдө.

Мурдараак Хасан Иброхимзода Давроновдун бул айыптоолорун четке каккан. "Жарандар жазган арыздардын негизинде район башчысынын тапшырмасы менен атайын комиссия түзүлүп, текшерилген. Жыйынтыгында Давроновдун жери эсептегиден кыйла көп экени аныкталган", - деген Иброхимзода.

Аталган аймакта жергиликтүү аткаминерлердин мыйзамсыз аракеттеринен улам жер талаштары көп катталат. Быйыл февралда Хатлон облусунун башчысы Курбон Хакимзода 2021-жылы аймактагы шаар жана район башчыларынын 400 чечими жокко чыгарылганын билдирген. Алардын 80% жер тилкелерин бөлүүгө байланышкан чечимдер болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости