www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин 15 - марттагы жыйынында автоунаалардын каптал терезелерин караңгылатууга (тонировка) уруксат берүүчү мыйзам долбоору каралды. Бул тууралуу Жогорку Кеңешке "Альянс" фракциясынан депутат Эмил Жамгырчиев маалымдап, "Парламент" радиосунда болду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы жазып чыкты.

"Талкуудагы мыйзам долбоору кабыл алынып калса, бюджеттин киреше бөлүгүн толуктоого жардам берет. Ошентсе да коопсуздук маселелерин унутта калтырууга болбойт. Андыктан, ведомстволор аралык комиссия мыйзам долбоорунун үстүндө дагы иштеп жатат", - дейт депутат.

Унаанын каптал айнектерин караңгылатуунун акысы бир жылдык мөөнөткө эсептелип, мыйзам чегинде уруксаат кагазы аркылуу бекемделет. Болжол менен бул сумма 40 миң сомго барабар келет. Ал эми уруксааты жок караңгылатып алган унаа ээлери табылса, аларга 20 миң сомго чейин айып пул салынат, - деп белгиледи Э.Жамгырчиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости