www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мындан 28 жыл мурда Түркиянын ошол кездеги президенти Тургут Өзал мурдагы СССРдин курамынан бөлүнүп чыккан түркий республикаларга атайын иш сапары менен барган эле. Ал дээрлик бардык түркий өлкөлөрдүн жетекчилеринен "Түрк тилдүү өлкөлөрдүн биримдигин" түзүү долбооруна каршы эмес экендиги тууралу убадаларды алып кайтат.
Өзал Балкандан тээ Кытай дубалына чейин болгон Улуу Түрк биримдигине негиз салууну көздөгөн эле. Ал нео-осмонизм идеясынын да автору болчу. Анын түрк дүйнөсүн бириктирүү максаты түркий элдер үчүн саясий жактан да,экономикалык жактан да пайда алып келээри жүз пайыз анык эле.
Эгер бул союз ошол кезде түзүлгөндө түрк дүйнөсү Россияга да, Кытайга да... керек болсо Батышка да беймарал өз сөзүн айта ала турган интеграцияга айланары турган иш болчу. Бирок түрк дүйнөсүнүн душмандары да оңой эмес экен.
Арадан бир канча күн өтүп Президент Т.Өзал Пекинге учуп,ошол жерде конференцияда бүткүл дүйнөгө Түрк тилдүү өлкөлөрдүн союзу түзүлөрүн жарыяламак болот. Бүтүн түрк дүйнөсү чоң энтузиазм жана мыкты маанай менен бул жаңылыкты күтүп жаткан.
Бирок Алматы-Пекин багыты боюнча учууга даярданып жаткан Тургут Өзалды Анкарадагы Болгариянын элчиканасында уу кошулган лимонад менен ууландырышат.
Эртеси күнү, тактап айтканда 1993-жылдын 17-апрелинде түрк дүйнөсүнүн лидери каза болот. Ошентип Түрк тилдүү өлкөлөрдүн биримдигин түзүү планы ишке ашпай калат...
Булак: NazarNews.kg