www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркия АКШга каршылык көрсөттү

Түркия Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ), Түштүк Кипр Рум жетекчилигин Эл аралык аскердик билим берүү жана окутуу (IMET) программасына кошуп алышына каршылык көрсөттү. Бул тууралуу түрк булактары жазып чыгышууда.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Хами Аксой министрликке багытталган суроого жазуу жүзүндө жооп берген.

Аксой аралдын эки тарабына тең бирдей мамиленин Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) принциби экендигин баса белгилеп, төмөнкү сөздөрдү айткан.

«Буга чейин бир нече жолу баса белгилегенибиздей, ушул жана ушул сыяктуу кадамдар Кипр маселесин чечүү аракеттерине көмөктөшпөйт, тескерисинче Рум тараптын келишпестик мамилеси күчтөнөт. Эки тараптын тең салмактуулугун сактабаган кадамдар аралда ишеним чөйрөсүн орнотууга, ошондой эле Чыгыш Жер Ортолук деңизде тынчтыкты жана стабилдүүлүктү камсыздоого жардам бербеси анык»,-деген.

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) мамлекеттик катчысы Майк Помпео, өз өлкөсү менен Кипрдин Рум жетекчилигинин ортосундагы коопсуздук алакаларынын алкагында Рум жетекчилигине аскердик билим берүү жана окутуу каражаттарын берерин билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости