www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркияда кыргызстандык эки адам опузалоого шек саналууда. Алар 31-майда Стамбул шаарынын Зейтинбурну аймагында 4 килограмм алтын куймасын ташып бараткан кытайлык жаранды ур-токмокко алып, алтынды тоногон топтун арасында болгон деп айыпталып жатышат.

"Демирөрен" агенттиги шаар прокуратурасы кылмыш ишин козгоп, 20-июнда алты адам кармалганын, экөө кыргызстандыктар экенин жазды.

Шек саналгандардын арасында кытайлык, казакстандык жана сириялык жарандар да бар экени айтылууда.

Аларга Түркиянын Жазык кодексинин 148-беренеси ("Адам опузалоо жана уурдоо") боюнча айып тагылган. Бул берене менен айыпталгандар 6 жылдан 10 жылга чейин камалышы мүмкүн.

Расмий маалыматтарга караганда, Түркиянын абактарында ушул тапта 12 кыргызстандык жаран отурат.

Расмий түрдө түрк жергесинде 25 миңден ашуун кыргызстандык каттоодон өтүп, жашайт. Алар негизинен Стамбул, Анкара, Анталия сыяктуу шаарларда эмгектенишет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости