www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркия Кыргызстанга аскердик-техникалык жардам көрсөтөт

Түркия Кыргызстанга аскердик-техникалык жардам көрсөтөт. Бул тууралуу тышкы иштер министри Руслан Казакбаев президент Садыр Жапаровдун Түркияга болгон расмий сапарынын жыйынтыктары тууралуу айтып жатып билдирди.

Анын айтымында, президенттердин жолугушуусунда бир катар маслелер каралып, талкууланган. Ал эки президенттин алгачкы жолугушуусун «эң жогорку деңгээлдеги биринчи саясий байланыш» деп сыпаттады.

Казакбаев эки тарап кол койгон документтер, сүйлөшүүлөр тууралуу айтып берип, Түркия Кыргызстандын Коргоо министрлигине гранттык негизде аскердик-техникалык жардам көрсөтүү ниетин билдиргенин кошумчалаган.

Эскерте кетсек, буга чейин Жапаров Түркиядан аскердик жардам сураганы айтылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости