www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиядан Кыргызстандын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине үрөн жана жер семирткич түрүндө жардам келди. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Түрк кызматташтык жана координация агенттиги (ТИКА) 5 тонна буудайдын, 400 кг. төө буурчактын, 400 кг. жүгөрүнүн үрөнүн Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаментине тапшырган. Мындан сырткары, 2 тонна аммиак селитрасы жана 3 тонна аммофос минералдык жер семирткичтерин берген.

Департаменттин директору Таалайбек Айдаралиев Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камиль Фырат, ТИКА агенттигинин программалык координатору Осман Устага департаменттин генетикалык банк-лабораториясы, дандын, дан азыктарынын жана сорттордун сапатын экспертизалоо лабораториясы менен тааныштырды.

Ошону менен бирге элчи лабораториялык корпустарды оңдоого, адистештирилген заманбап лабораториялык жана техникалык жабдуулар менен жардам берүүгө макулдугун берип, ал үчүн тиешелүү өтүнүч менен кайрылууну сунуштаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости