www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сауд Аравиясы өзүнүн территориясында жайгашкан ыйык жерлерде зыярат кылуу учурунда коронавирустун жаңы түрү Covid-19 инфекциясынын жайылып кетүү коркунучу жөнүндө эч бир өлкөгө, анын ичинде Түркияга дагы кабар берген эмес. Бул тууралуу түркиянын Ички иштер министри Сулейман Сойлу A Haber маалымат каналына интервью берип жатып билдирди.

Анын айтымында, түрк бийлиги  Сауд Арабиясынан кайтып келген зыяратчылар арасында биринчи жолу коронавирусту жуктурган учур катталгандан кийин гана чара көрүүгө мажбур болду.

“Сауд Аравиясы өлүмгө алып келе турган вирус тууралуу бизге же башка өлкөлөргө маалымат берген эмес”,-дейт Түркиянын ИИМинин башчысы.

“Адамдар умрадан келишти. Түркиянын Саламатыкты сактоо министрлиги вирустун биринчи учуру катталары менен чара көрдү. Зыяратчылар медициналык мекемеге изоляцияга алынышкан”,-деп Сойлу билдирди.

Акыркы 24 саатта Түркияда 1610 кишиден COVID-19 катталып, 37 адам  көз жумду. Жалпы бейтаптардын саны 10миң 827ге жетсе, каза болгондордун саны 168ге жеткен.

Мындан тышкары, коронавирус инфекциясынан 162 бейтап айыгып чыккан

Булак: NazarNews.kg

Последние новости