www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркия тарабынан Кыргызстандагы 50 өнүгүү борборуна (жайлоо-балдар бакчасы) канцелярдык буюмдаржана оюнчуктар белекке берилди. Бул маалымат тууралуу Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчилигин басма-сөз кызматы билдирди.
«Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык фонду тарабынан жүргүзүлгөн «Жайлоо бала-бакчалары» долбоорунун негизинде Кыргызстандын булуң бурчундагы жайлоолордо жашаган балдардын билим деңгээлин жогорулатуу максатында жай айларында билим берүү / өнүгүү борборлору (жайлоо-балдар бакчасы) уюштурулат.
Аталган долбоордун алкагында Түркиянын өкмөтүнө караштуу кызматташуу жана өнүктүрүү боюнча агенттиги (ТИКА) Кыргызстан координаторлугу жайлоо бала бакчаларына акыркы үч жылдан бери көрсөтүп келе жатат.
ТИКА, 2018-жылы да жайлоо бала-бакчаларына колдоо көрсөтүп, жалпысынан 50 балабакчага канцелярдык буюмдар жана оюнчуктар сатып берди. Көрсөтүлгөн жардамдын (КНС кошо эсепке алганда) жалпы суммасы 1 млн 163 сомду түздү.
Китептерди жана оюнчуктарды расмий тапшыруу аземи 2018-жылдын 18-июнунда өттү. Иш-чарага ТИКАнын Бишкектеги координатору Али Муслу, «Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык фондунун мүдүрүнүн милдетин аткаруучу Догдургүл Кендирбаева, "Жайлоодогу өнүктүрүү борборлору (жайлоо-бала бакчалары)" долбоорунун координатору Сагынтай уулу Арстанбек жана башкалар катышты.
Булак: NazarNews.kg