www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирус пандемиясы жана аба каттамдарынын токтотулганына байланыштуу Түркиядагы чет өлкөлүк жарандардын визасы же туруктуу жашоо үчүн уруксаты мөөнөтүнөн өтүп кеткен болсо, өз өлкөсүнө туруктуу аба каттамдар кайрадан башталганда Түркиянын аймагынан бир ай ичинде чыгып кетиши керек. Бул тууралуу Анкарадагы элчилик билдирди.

Ал эми виза эрежесин бузган чет өлкөлүктөр Түркиядан чыгып жатканда ири өлчөмдө айып пул төлөөгө мажбур болушат.

Белгилей кетсек, буга чейин Түркиянын Транспорт министрлиги 22-июндан тарта Стамбул-Бишкек аба каттамы ачылары кабарлаган. Бирок кыргыз тараптан аба каттамдарынын ачылышы тууралуу расмий маалымат бериле элек.

Түркияда 30 миңдей кыргызстандык Стамбул, Анкара жана Анталия сыяктуу ири шаарларда иштейт жана окуйт. Алардын көпчүлүгү бир жылдык туристтик виза менен иштешет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости