www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркияда COVID-19 илдетин жуктуруп алгандардын саны азайып бара жатканын жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Түркияда 19-июлга карата коронавирус 918 адамдан аныкталганы айтылат. Бул 7-июндан берки эң аз көрсөткүч экени белгиленет.
"Акыркы 24 саатта вирустан 17 киши көз жумду. Ошол эле убакыттын ичинде 40 миң 943 тест жасалып, 918 кишиден вирус аныкталды.
Ооруканадан айыгып чыккан 1 миң 179 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 201 миң 13кө жогорулады", - деп жазылат маалыматта.
Түркияда коронавирусту алгачкы жуктуруп алгандар ушул жылдын 11-мартында аныкталган. Андан бери илдетти жуктуруп алгандардын саны 218 миң 717 адамды түздү. Айыккандар 201 миң 13 адам болсо, каза тапкандар 5 миң 475.
Булак: NazarNews.kg