www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Денизли шаарынын полициясы Кыргызстандын 26 жаштагы жараны Ырыскүл Жээнбек кызын өлтүрүүгө шектелген жаранды кармаганын бүгүн кечке жуук түрк маалымат агенттиктери кабарлады. Ал Түркиянын 30 жаштагы Барыш Юнал аттуу жараны болуп чыкты. Мунун алдында Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Түркиянын Денизли провинциясындагы Памуккале — Аккөй жолунун боюнан 19-мартта, эртең мененки тогуз жарымдар чамасында 26 жаштагы кыргызстандык кыздын сөөгү табылганын билдирген. Түрк медиасы кыз муунтулуп өлтүрүлгөнүн, андан кийин автоунаа менен тебелетилгенин жазган. “Полиция дароо иликтөөгө киришип, ошол аймактагы 30дай көзөмөл камераларды карап чыккан. Натыйжада бул кылмышка шектелген 30 жаштагы түрк жараны кармалды. Камераларга түшүп калган бул жаран кошуна Каршыкая аймагындагы касапканада иштеген. Анын курмандыгына айланган кыз казинодогу барлардын биринде официант болуп иштечү. Ал ошол таңда нөөмөттөн чыгып, үйүн көздөй жөнөгөндө артынан аңдып келген бейтааныш киши тийишип кирет. Кыз каршылык көрсөткөндө машинасына күчтөп салган. Кызды кордогондон кийин муунтуп өлтүрүп, жолго таштап кеткен”, - деп жазылат түрк агенттиктеринин соңку маалыматында. Бул кылмышка шектелип кармалган Барыш Юнал окуя кандай болгонун так эстей албасын, кызды кокустан машинасы менен тебелеп кеткенин гана билерин айткан. Ал убактылуу камакка алынды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости