www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Денизли провинциясындагы (Түркия) Памукалле районунда 19-мартта Кыргызстандын 26 жаштагы жаранынын (аялдын) сөөгү табылган.

КР ТИМдин маалыматы боюнча, 23.04.1992-жылы туулган Ж. кызы Ы., сөөгү 19-мартта болжол менен саат 9.40 чамасында Денизли провинциясындагы Памуккале-Аккёй жолунда табылган.

Денизли прокуратурасынын маалыматы боюнча, Кыргызстандык жаран туюк жаракат алуудан пайда болгон боор жана өпкө оорусунан улам каза болгон.

Толук маалыматы алуу үчүн Денизли провинциясынын Памуккале районундагы жандармедия башкармалыгынын кызматкери менен телефон аркылуу сүйлөшүү болгон. Ал билдиргендей, КР жаранынын сөөгү Памуккале университетинин ооруканасында өлүк сактооочу жайында.

Ошондой эле, КР жараны унаа коюп кеткенден кийин каза болгон.

КР ТИМ учурда маркумдун туугандарын издөө иштерин жүргүзүп жатышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости