www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чет элдик басылмалар Түркияда мугалим болуп иштеген аял пластикалык операция жасаткандан кийин комага түшүп калгандыгы тууралуу жазып чыгышууда.

Маалыматка ылайык, 46 жаштагы Улуу Британиянын Мишель Уильямс аттуу тургуну ушул жылдын август айында мурдунун формасын өзгөртүүнү чечип, пластикалык операция жасаткан. Ал операция үчүн 3 миң 500 фунт стерлинг (350 миң сомдон ашык) акча төлөгөн.

Аял наркоздо жатканда, жүрөгүнүн согушу начарлап, андан кийин үч саатка созулган талмасы кармаган. Мындан тышкары, кычкылтектин жетишсиздиги мээнин жабыркашына алып келген. Операциядан кийин Уильямс ооруканада үч айдан бери эс-учун жоготуп жатат. Ушул убакыттын ичинде ал пневмония менен дагы ооруй баштаган. Учурда туугандары аны мекенине алып кетүүнү көздөп жатышат.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости