www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия Евробиримдикке санкция жарыялады

Орусия оппозициячыл Алексей Навальныйдын окуясына байланыштуу Европа биримдигине жооп иретинде кайчылаш санкция киргизди. Бул тууралуу Орусиянын Ички иштер министри Сергей Лавров билдирди.

Анын айтымында, бул аракеттер Германия менен Франциянын кызматкерлерине таасирин тийгизет.

«Евробиримдик салган Навальныйга байланыштуу санкциялар Орусия президенттик аппаратынын кызматкерлерине тийиштүү болгондуктан, биздин жооп да кайчылаш түрдө. Чечимдер кабыл алынды, жакында немис жана француз кесиптештерге маалымат беребиз», — дейт Лавров.

Ошондой эле ал Навальныйга байланыштуу Берлиндин кылган жоругу туура эмес экенин, эл аралык милдеттемелерге каршы келе турганын айтты.

«Навальный тизмесине» президент Путиндин админстрациясындагы орусиялык чиновниктер жана күч түзүмдөрүнөн турган 9 жаран киргенин жазды.

Эске салсак, Алексей Навальный 20-августта Орусиянын Томск шаарынан Москва шаарына учар алдында эс-учун жоготуп, ооруканага түшкөн. 22-августта атайын учак менен Германиянын Берлин шаарына жеткирилген. Дарыгерлер аны тыюу салынган химиялык зат менен ууландырышканын маалымдаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости