www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жамбылбек Камчиев президенттикке талапкердигин койду, ал президент болсо, Борончу Кудайбергенов - премьер-министр, Абдылда Иманкулов –спикер, Рахман Разыков - УКМК төр агасы болобу? Украина коркпостон эле КВНчи айтылуу куудулду президент кылып алышкан. Кыргызстандын президенттигине талапкер катары куудул Жамбылбек Камчыевди көрсөтүп жатышат. 2011-жылы да президенттикке талапкер болуп бышыгып калды. 1993-жылы легендарлуу парламент кабыл алган Конституция дегенде ак эткенден, так этет. Мөөнөтүнөн мурда өтчү президенттик шайлоого талапкер катары катышуу ниетин билдирип дагы төрт адам арыз тапшырды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы кабарлайт.
Алар “Мөңгү” фондунун директору Урустам Кабылбеков, убактылуу эч жерде иштебеген Ильгиз Товкеев, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Бактыбек Калмаматов жана “Халал” индустриясын өнүктүрүү борборунун жетекчиси, журналист Мыктыбек Арстанбек.
Ушуну менен президенттик шайлоого талапкер болуу ниетин билдиргендердин саны 22 адамга жетти. Белгилей кетсек, мөөнөтүнөн мурда өтчү президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген. Талапкер болууну каалагандар 15-ноябрга чейин БШКга арыз берип, 7-декабрга чейин бир миллион сомдук күрөөнү жана керектүү документтерди тапшырышы керек.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg