www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиянын Трабзон шаарындагы мейманкана полиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлүп жаткан рейддер учурунда сексуалдык кызмат көрсөткөн аялдарды адаттан тышкары ыкма менен жашырды. Бул тууралуу Dailu Star гезити жазды.

Басылманын маалыматы боюнча, келген билдирүүлөр боюнча полиция мейманкананы тинтүүгө келген. Алардын көңүлүн мобилдик радиатор бурду, анын артында башка бөлмөгө тешик бар болчу. Ал жерде үч сойку жашырынып жүргөн – экөө Кыргызстандан жана бирөө Молдовадан. Жашыруун бөлмөдө төшөк жана раковиналар бар болгон. Башка эч нерсе жок.

Белгилей кетсек, кыздарга сойкулук боюнча кылмыш иши козголгон. Мындан тышкары, мейманкананын ээлери камакка алынып, сойкулук кызматын көрсөткөндүгү үчүн айып салынган.

“Түркиядагы сойкулук мыйзамдуу, бирок сойкукананын лицензиясы болсо гана. Лицензиясы бар сойкуканадагы сексуалдык кызмат көрсөткөн кызматкерлери каттоодо турушу керек жана өздүгүн тастыктаган документи болушу керек, ошондой эле жыныстык жол менен жугуучу оорулардын бар жогун текшерип турушу керек” – деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости