www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиядагы тилсиз жоо 17 кишинин өмүрүн алды

Апта башынан бери көнөктөп жааган жамгыр Түркиянын Карадеңиз аймагында катуу селдин жүрүшүнө себеп болду. Аймактагы төрт облустун тургундары эвакуацияланганы, 17 киши көз жумганы жана 48 киши оор абалда ооруканада жатканын президент Режеп Тайып Эрдоган Twitter баракчасы аркылуу кабарлады.

Өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги нөшөрлөгөн жамгыр дем алышка жейин уланарын билдирди.

Түркиянын түндүгүн сел каптаса, түштүгүндөгү токой өрттөрү токтой элек. Бурдур аймагындагы токойдо чыккан өрт кыска мөөнөттө айылдарга жеткен. Өрттү тик учактар өчүрүп жатканы белгилүү болду.

Түркиянын Токой жана айыл чарба министри Бекир Пакдемирли 28-июлдан бери 53 провинцияда 275 токойда жана 219 айылда өрт чыкканын баса белгилеп, "Бүткүл дүйнө сыяктуу эле биз да климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин башыбыздан өткөрүп жатабыз. Биз глобалдык жылуулуктун коркунучун эске алуу менен өрткө каршы иш пландарыбызды жаңылап жатабыз", - деди.

Эске салсак, тилсиз жоо Түркиянын гана эмес, ага коңшу Грекиядагы токойлорду да жалмады. 8-августта Грекиянын экинчи чоң аралы Эвиядагы өрт миңдеген гектар карагайлуу токойду күлгө айлантып, үйлөрдү жексен кылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости