www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Акыркы маалыматтар боюнча, Түркиянын батыш тарабындагы Измир шаарындагы жер титирөөдө каза болгондордун саны 98 адамга жетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.
Маалыматка ылайык, жабыркагандардын саны 994тү түздү. Алардын 884ү ооруканалардан чыгарылды, 147си дарыланууда, 12си жандандыруу бөлүмүндө жатат. Кыйратылган 17 турак үйдүн ичинен 12синин урандыларын демонтаждоо иштери аяктады.
Эске салсак, 30-октябрда Самос аралына жана Түркиянын Измир провинциясындагы Сеферихисар шаарына жакын Эгей деңизинде күчү 6,7 баллга жеткен жер титирөө катталган. Анын кесепетинен Измирдеги 20 үй талкаланган.
Жер титирөө бир катар Грек аралдарында да сезилген. Самос аралында дагы адамдар жер титирөөдөн каза болуп, жаракат алышты.
Булак: NazarNews.kg