www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаровдун өлкөнүн аймактарына жумушчу сапары уланууда.

Маалым болгондой премьер-министр бүгүн, 3-ноябрда Ош облусунда жергиликтүү тургундар менен жолугушууда.

Жолугушуу учурунда Садыр Жапаровдон эмне үчүн Сооронбай Жээнбековду экс-президент макамы менен калтыргандыгы суралды.

«Айрым саясий күчтөр Сооронбай Жээнбековго экс-президент статусун алууга каршы болушкан. Мен өз демилгем менен анын макамы жөнүндө жарлыкка кол койдум», – деди Садыр Жапаров.

«Мен экс-президенттин статусу жөнүндө жарлыкка кол койдум. Бул ниет өлкөбүздөгү бийликти тынч жана мыйзамдуу жол менен алмаштыруу максатында ишке ашты. Белгилүү болгондой, бизде экс-президент жок. Экөөнү куудук, бирөөсү камалды, ушул статусунан ажыратты. Экс-президенттин статусу керек жана калыш керек», – деди Садыр Жапаров.

Эске салсак, Сооронбай Жээнбеков 2020-жылы 15-октябрда кызматтан кеткен. Ал парламенттик шайлоонун бурмаланышына нааразычылык билдирип митингдеги баш аламандыктан кийин бийликке келген саясатчылар менен сүйлөшүүлөрдөн кийин кызматын тапшырды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости