www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өткөн жумада Түркиянын Стамбул шаарынан алып келинген кыргызстандыктардын айрымдары коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

17-апрелде Бишкекке 200дөн ашуун кыргыз жараны чартердик рейс менен келген. Алар учактан эле тейленип, дароо обсервацияга жөнөтүлгөн.

“Келгендердин баарынан лабораториялык анализ алынган. Арасынан COVID-19 жуктурганы тастыкталгандар дагы чыкты. Алар ооруканада дарыланып жатышат. Калгандарына тыкыр медициналык көзөмөл жүргүзүп, изоляторго кармап, кайра текшерип, жыйынтыгы терс экенин көрсөтсө үй карантинине чыгарабыз”, — деди Үсөнбаев.

Мындан сырткары, ал жарандар 14 күн карантинге алынарын, анан дагы бир ирет лабораториялык анализ жасаларын кошумчалады. Ошону менен эле чектелбей, дагы 14 күнгө обочолонууга милдеттендирилип, жалпысынан 28 күнгө чейин медиктердин көзөмөлүндө болорун белгиледи.
Акыркы маалыматтар боюнча, Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 631ге жетип, анын 302си айыкты. Вирустан сегиз киши каза болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости