www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркия мамлекетинен гуманитардык жардам Кыргызстанга "Turkish airlines" авиакомпаниясынын учагы менен "Манас" эл аралык аэропортуна бүгүн, 15-июль саат 11:00дө конду. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.

"6-июлда Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековдун Түркия мамлекетинин президенти Реджеп Тайип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөшүүлөрүнүн ортосунда жетишилген макулдашуулардын алкагында, 2020-жылдын 7-июлунда саламаттык сактоо тармагына гуманитардык жардам берүү боюнча эки мамлекеттин ортосундагы түшүнүшүү Меморандумуна кол коюлган. Коронавируска каршы күрөшүү үчүн гуманитардык жардам төмөнкү медициналык жабдуулардан турат:

20 өпкөнү жасалма дем алдыруу (ИВЛ) аппараттары;
50 кычкылтек концентратору;
20 миң ПЦР-тест комплекти;
20 миң вирусту аныктай турган реагенттердин топтому;
50 миң N95 коргоочу бет каптары;
100 миң хирургиялык бет каптар;
35 миң коргоочу костюмдар;
2 миң коргоочу бет каптар – козыректор;
10 миң гидроксихлорохин дарысынын упаковкасы.

Эске сала кестек, 2020-жылдын 11-12-февралында Туркия Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги коронавирусту алдын алуу үчүн Кыргыз өлкөсүнүн Саламаттык сактоо министрлигине гранттык негизде медициналык коргонуу каражаттарын: 200 упаковка тест-системалары, 5 миң бир жолу колдонуучу бет каптар, 200 коргоочу костюмдар, 100 коргоочу фильтри менен беткаптар жана 12 коргоочу көз айнек тапшырган", - деп жазылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости