www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиялык фонд Бишкек шаарына жаңы мектебин ачат

Кыргызстандын Билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Алмазбек Бейшеналиев Кыргыз өлкөсүндөгү “Маариф” фондунун директору Хүснү Биржан мырза менен жолугушту. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жолугушуудагы негизги тема “Маариф” фондунун Кыргыз Республикасындагы ишмердүүлүгү болгон.

"Фонд өз ишмердүүлүгүн Түркиянын Анкара шаарында 2020-жылдын 10-ноябрында Кыргыз Республикасыныны Билим берүү жана илим министрлиги жана Түркиянын “Маариф” фондунун ортосунда Кыргыз Республикасында жеке менчик билим берүү уюмдарын ачуу жана иштетүү боюнча кол коюлган макулдашуусунун негизинде жүргүзүп келет. Түрк тараптын өкүлү билдиргендей, жаңы окуу жылында Кыргыз Республикасында “Маариф” фондунун алгачкы жалпы билим берүү мектебин ачуу үчүн фонд тарабынан бардык керектүү иштер жасалып жатат. Мамлекеттик стандартка ылайык, окутуу кыргыз тилинде дагы жүргүзүлө турган мектептин Бишкекте ачылышы пландалууда.

Окуучулар үчүн дагы, мугалимдер үчүн дагы бардык шарттар түзүлөт. Макулдашуунун шарттарына ылайык, мугалимдердин басымдуу бөлүгү Кыргыз Республикасынын жарандары болмокчу. Министрликтин жетекчилиги фонддун ишине ийгилик каалап, Министрлик катары ар тараптан колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди. Тараптар мындай мектептин ачылышы билим берүү тармагындагы кыргыз-түрк мамилелеринин дагы да бекемделишине зор салым кошот деген пикирин билдиришти", - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости