www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркия жандуудан боор трансплантациялоо боюнча дүйнөдө биринчи орунда турат.

Чехиянын борбор шаары Прагада өткөрүлгөн Дүйнөлүк Боор трансплантациялоо конгрессинде бөлүшүлгөн көрсөткүчтөргө караганда Түркияда өткөн жылы 1391 трансплантация жасалды жана мунун 1003ү жандуудан жасалды.

Эл аралык Боор трансплантациялоо коомунун башкаруу кеңешинин мүчөсү, проф.Яман Токат, «Анадолу» агенттигине берген маалыматында конгрессте АКШ,Италия,Испания, Франция, Мексика, Индия, Кытай, Германия жана Түштүк Корея сыяктуу көп сандаган өлкөнүн адистери орун алганын маалымдады.

Дүйнөнүн эң чоң боор трансплантациялоо конгрессинде Түркиянын кеңири катышуу менен орун алышынын маанисине токтолгон Токат, боор трансплантациялоодо Түркия жана Индиянын абдан маанилүү эки өлкө болгонуна көңүл бурду.

Токат: «Бул эки өлкө дүйнөдө боор тарнсплантациялоо санында эң жогорку катнашка ээ. Тажрыйба жагынан да ушул эки өлкө алдыңкы орунда турат. Ушул жагынан алып караганда да конгресстеги ордубуз абдан маанилүү»,-деди.

Дүйнө жүзүндө Түркиянын бул тармактагы ийгилиги суктандырганын айткан Яман Токат: «Дүйнө жүзү, муну кабыл ала албай кыйналып жатат. Түрк илимпоздору эл аралык коомдордун, конгресстердин башкарууларында орун алып ошондой эле илимий платформалардагы өкүлдүгү менен өзүн көрсөтүүдө»,-деп айтты.

Проф.др.Токат, Түркияда боор трансплантациялоо операцияларынын дүйнө жүзү менен бир убакта башталганына көңүл буруп: «Түркия бул тармакта дүйнө жүзүнөн бир нерсе үйрөнгөн жок, туураган жок, алар менен чогуу басты. Эми болсо алар бизден үйрөнүүдө. Медицина жамаатында балким алгач ирет биз чет элдиктерден үйрөнгөн жокпуз, анткени боор трансплантациялоо катнаштары Түркияда жогору»,деген серебин салды.

Эске сала кетсек Кыргызстандан да Түркияга келип боорунан операция болгондор аз эмес.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости