www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиялык Adimlardergisi.com сайтынын баракчасында 2017-жылдын январында Бишкекте кыйроого учураган Боингдин айланасындагы жаңжалга тиешелүү Түркиянын Улуттук чалгындоо уюмунун жашыруун документи жарыяланды.  Бул кагаздарда кыйроого учураган рейске жана ал рейстеги контрабандалык товарларга экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жана анын үй-бүлөсүнүн катыштыгы бардыгы боюнча далилдер келтирилген.  Түрк чалгынчылары «ээлерин» издөөнү Атамбаевдин өткөн жылы январь айында Пекинге жасаган сапарынан баштаган. Анан кызыктуу факт айкын болгон. Кытайдагы сапардын программасынын жана расмий жолугушуулардын жыйынтыктарынын ортосунда Атамбаев ММКнын көз кырынан толук 10 күн жок болуп кеткен. Расмий түрдө президенттин Кыргызстанга кайтып келгени боюнча дагы, анын эс алууда жүргөнү боюнча дагы билдирүү жасалган эмес.  Алмазбектин издерин ал саясий жүз катары эмес, жеке жүз катары «ири буюртмачы» болуп өзүн көрсөткөн Гонконгдон издешкен. Аны бул жеке сапарында АКШда жашаган, «sesli yilan» (сүйлөй ала турган жылан) каймана аты бар түрк жараны коштоп жүргөн. Бул мырза – жетишээрлик кызык киши, түрк мафиясындагы легалдуу эмес макулдашууларда бат-баттан ортомчу болуп турат. Акыркы 5 жылда ал Кыргызстанга товарлардын ири партиясын легалдуу эмес жол менен жеткирүүнү уюштурууда кыргыз криминалдары менен да активдүү кызматташкан.  Ал бир гана товарларды сатып алууну жана аны Гонконг бажысынан өткөрүүнү камсыз кылбастан, кырсык туш келген борт үчүн аба коридорун тоскоолдуксуз түзүп берүүнү уюштурган. Ошол эле аэропорттон атамбаевдик рейс дагы учкан.  Контрабанданын схемасы жөнөкөй эле болгон: түркиялык борт Бишкекке заправка кылып алуу үчүн деп конот. Ал токтоп турган убакта андан декларацияланбаган 86 тонна жүктү түшүрүп алышат. Анан бошогон учак өзүнүн учуусун Түркияны көздөй улантат. Бул тууралуу Улуттук чалгындоо уюму Түркиянын президентинин дарегине атайын доклад жазды («Жеке Эрдоганга окуу үчүн» деген белги менен), андагы дата 2017-жылдын 7-февралы.  Мындай сценарий акыркы бир нече жылда Гонконгдон 50нүн тегерегиндеги рейске жасалган.  Бирок, бул жолу баары башкача кетти. АСТ Airlines компаниясына тиешелүү Боинг 747-400F (Jumbo Jet) жүк ташуучу учагы туманда Бишкектин четинде кыйроого учурады. Кыргызстандын 35 жараны жана түрк экипажы каза болду. Учактын кыйроосунан каза болгондордун жарымысы балдар, ал эми алардын эң кичүүсү төрт айга гана толгон. Толугу менен көз жумган үй-бүлөлөр да бар.  Ошондон 10 күндөн кийин гана биринчи жолу Атамбаев эл алдына чыкты. Расмий ММКлар президент кайсы бир чиновникти кабыл алды, докладды укту, андан соң кандайдыр бир тапшырмаларды берди деп билдиришти. Бирок, бир дагы видеосюжет көрсөтүлгөн жок. Алмазбек Атамбаев кыйроо болгон жерге да барбады, телевидение аркылуу каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө көңүл айтып да чыккан жок. Ал мас болгон анабиоз абалында калды. Президенттик резиденциянын булактарынан алынган маалыматка караганда, 16-18-январь күндөрү Кыргызстандын президенти өтө катуу ичкен мас абалында болду, андан аны 19-январда гана дарыгерлер алып чыгышкан. Себеби бир нече күндөн кийин белгилүү болду. 

Кырсыктан кийин эле жана лайнер кулаган жерди курчоодон кийин, атайын кызмат тарабынан кырсыктын таасирлерин ликвидациялоо боюнча эмес, аман калган жүктөрдү издөө боюнча операция уюштурулду. Талкаланган Боингдеги жүктөрдүн негизги көлөмү чыгарылып кеткенден кийин гана биринчи расмий маалымат пайда болду.  «Манас» эл аралык аэропортунун маалымат кызматы 19-январда «Гонконг-Бишкек-Стамбул рейсиндеги жүк ташуучу учак аба-жүк борборунда тейленген эмес. «Манас» аэропортуна бул рейс болгону техникалык конуу – заправка кылуу жана экипажды алмаштыруу үчүн гана конгон. Себеби Түркиянын Жарандык авиациясынын талаптары боюнча экипаж 6 сааттан аашун учуудан кийин алмашуусу керек», - деген билдирүү таратты.  Муну менен бир эле убакта түрк тарап аны жалганга чыгарган билдирүү жарыялаган, лайнердеги күйүүчү май Гонконгдон түз Стамбулга учууга жетиштүү болгон, экипажды алмаштыруунун деле зарылчылыгы болгон эмес. Баса, түрк авиакомпаниясы бул модификациядагы самолет болгону эки пилотту гана талап кыла турганын билдирген. Экипаждын үчүнчү мүчөсү ким болгонун авиакомпания билбейт. Түрк чалгындоосунун маалыматы боюнча, белгисиз бирөө жүктү коштоп барган. Анын аты-жөнүн азыркы убакка чейин кыргыз тарап айтпай келет.  Бул тууралуу түрк чалгындоосунун президент Эрдогандын атына жазган докладында да айтылат. Анда Боинг кыйраган жерде табылган жана кыргыз атайын кызматы тарабынан шашылыш чогултулган товарлар ошол убактагы Кыргызстандын президенти Атамбаевге жана анын жубайына тиешелүү экендиги билдирилген. Түрк улуттук чалгындоо уюмунун маалыматына ылайык, кыйраган учактын бортунда бир гана уюлдук телефондор эмес, ошондой эле акча, компьютерлер, электрондук приборлор, алтын жана кымбат баалуу таштар жана темирлер болгон.  Түрк атайын кызматынын маалыматы боюнча, кыйроого учураган жүктүн жалпы баасы 250 млн долларды түзгөн. Бул баадагы негизги үлүштү Айфондор жана алтындар (эмнеге алтын казган өлкөгө алтын куймаларын алып келип жатышканы түшүнүксүз), бриллианттар жана инсайдерлик маалымат боюнча бир нече ондогон млн евро накталай акчалар түзгөн.  Мындай жоготуу, анын ээси Атамбаевдин өтө катуу мас абалында болуп калышын толук түшүндүрөт. Атамбаев кымбат баалуу жоготуудан кайгырып ичип отурганча, коомчулукка жалган айтуу үчүн ойлонуп да отурду, ал үчүн учак кыйраган жерге ӨКМнын куткаруучуларын жолотушкан жок. Трагедиядан аман калгандарды издөө менен «атайын кызмат» алек болду. Анан 21-январда гана КР ӨКМ куткаруучулары «Боинг-747» кулаган жердеги шилендилерди ылгоого киришишти.  Эми бир жылдан ашык убакыттан кийин Алмазбек Шаршенович «өтө катуу кайгырганын», ал эми анын жубайы «Капельницага жатып калганын» маалымат жыйынында билдирди. Анан дагы ал баардык кайгыларга «жалганчы чиновниктерди» айыптаганды жакшы көрөт.  Мисалы, бажы кызматынын башчысынын мурдагы биринчи орун басары, республикабызда «Райым-миллион» деген ат менен көбүрөөк таанымал Райымбек Матаримовду. Атамбаев аны кытай-кыргыз чек арасы аркылуу контрабанда агымына күнөөлүү деп билдирип чыкты. Кыязы, экс-президент дал ушул Матраимовго кырсык алып келген Боингдеги жүктү түртө салгысы келип турат. Бирок, «Райым-миллион» өзү кыргызстандык бажынын төрагасынын орун басарлык кызматына аны мурдагы мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев жана анын «досу» Икрамжан Илмиянов активдүү жылдырышканын билдирди. Бажычынын ишин дагы тереңдетүү болсо, анда Матраимов бир гана кырсык алып келген Боинг боюнча эмес, Алмазбек Атамбаевдин дагы башка көптөгөн контрабандалык махинациялары тууралуу кең-кесири айтып бериши мүмкүн.  Азырынча экс-президент Атамбаев – Түркиянын Улуттук чалгындоо уюмунун толук бир катар документтеринин башкы фигуранты. Анда ал мыйзамды сыйлаган жаран катары эмес, кыргыз мафиясынын жетишээрлик ири шишкасы катары көрсөтүлөт.  Маалыматка караганда, түрк тарап бул иликтөөнү 2017-жылдын январында алардын учагы кыйраганы үчүн гана эмес, мыйзамсыз жол менен табылган акчалардын агымын Алмазбек Атамбаев Түркиянын территориясында анын үй-бүлөсүнө тиешелүү компаниялар аркылуу адалдоого аракет кылганына байланыштуу иликтей баштаган. Ал эми легалдуу эмес капиталды жүгүртүү менен активдүү күрөштү баштаган Анкара буга көңүл кош карай албай калган.  Булак: https://golosbishkeka.com/kyrgyzstan/i-vnov-o-prichastnosti-atambaeva-k-krusheniju-samoleta/ Кыргызчалаган "маалымат.kg" сайты

Булак: NazarNews.kg

Последние новости