www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркмөнстандын Лебап облусунда бийлик кайрадан жарандардын сакалын күчтөп алдыртууда. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктары жазып чыкты.

Облустун Түркмөнабад шаары менен Фарап районундагы базарларда, көчөлөрдө жүргөн 60 жашка чейинки сакалчан жарандар кармалып, полиция бөлүмдөрүнө жеткирилүүдө.

«Анда алардын сакалдары алынып, «диний экстремисттерге» жана «ваххабиттерге» тиешеси бар деп айыпталышууда. Акыркы бир нече күндүн ичинде дээрлик жүздөгөн адамдын сакалы күч менен алынды. Мындан улам айрым тургундар кармалуудан коркуп, өздөрү эле сакалдарын алууга аргасыз болуп жатышат», — деп айтылат маалыматта.

Түркмөн бийлиги акыркы бир нече жылдан бери сакал коюп жүрүүгө каршы күрөшүп келет. Былтыр 20 жаштан 55 жашка чейинки сакалчан жарандар учактарга жана поезддерге киргизилбей, айрымдары сакалын сапар алдында алууга аргасыз болуп жатканы кабарланган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости