www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өз өлкөсүндө экономикалык каатчылык бар экенин мойнуна албаган Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов антикризистик программа кабыл алды. Аны атасына вице-премьер Сердар Бердымухамедов тааныштырды.

Дүйнөлүк экономикада пайда болгон кыйынчылыктардын өлкө экономикасына таасирин азайтуу жана улуттук экономиканын туруктуу өнүгүүсүн камсыздоо жөнүндө токтомдун долбоору 3-декабрда өкмөттүн кеңири жыйынында тааныштырылган. Президент Бердымухамедов ага дароо кол койгон.

Расмий маалыматтарда муну “антикризисттик программа” деп аташууда. Беш жылдан ашуун өлкө жарандары экономикалык оор каатчылыкты башынан өткөрүп келе жатканы менен президент Бердымухамедов жана анын өкмөтү бул терминди биринчи жолу колдонууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости