www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркмөнстанда кайрадан автоунаалардын түсүнө талап күчөтүлдү. Ашхабадда эки аптадан бери күңүрт түстөгү автомобилдер жапырт түрдө айып жайына жеткирилүүдө

“Азаттыктын” түркмөн кызматы кабарлагандай, күңүрт тетиктери бар ак түстөгү автоунаалар да токтотулуп жатат. Көп учурда айдоочулар күбөлүктөрүнөн ажырап, транспорт айып жайына жеткирилүүдө.

Жол рейддери облустарда да жүрүүдө. Лебап облусунда дисктери, эшиктеринин туткалары хромдолгон автоунаалардан бери токтотулууда.

“Полиция дисктер ачык түстө болушун талап кылууда. Алюминий түстүү, пластик тетиктер, анын ичинде багажниктин туткалары жана заводдон чыккан комплектациялардын баары алынышы керек же ачык түскө боелушу шарт”, -деди түркмөнабаддык айдоочу.

8-ноябрда ондогон кишилер Түркмөнабад шаарындагы полиция имаратына келишип, айдоочуларга көрсөтүлүп жаткан кысымга нааразылык билдиришти. Ошол эле күнү акциянын ондогон катышуучулары Улуттук коопсуздук министрлигинин башкармалыгына жеткирилди.

Түркмөнстан бийлиги күңүрт түстөгү унааларды пайдаланууга 2017-жылы декабрда тыюу салган. 2019-жылдын аягында кара түстөгү унааларга карата мамиле бираз жумшарган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости