www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Нацпромлизинг-Кыргызстан" компаниясынын түзүлүшү менен Кыргызстандын экономикасына жакынкы жылдары 200 миллион доллар тартылат

Орусия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы Артём Новиков Кыргызстанга тартыла турган 400 миллион доллар кандай шартта бериле турганын айтып берди.

Кыргызстанга россиялык компаниялардын Эл аралык көп тармактуу ишкер миссиясы келген. Новиков бизнесмендердин алдында сүйлөп жатып, "Росэксимбанк" 2022-жылдын ичинде фонддун учурдагы ресурстарынан сырткары, фонд менен биргелешип каржылоо үчүн 200 миллион доллар өлчөмүндөгү каражатты кошумча бөлүүнү макулдашканын билдирди. Ошондой эле россиялык "Нацпромлизинг" менен "Нацпромлизинг-Кыргызстан" лизинг компаниясын түзүү макулдашылган. Анын түзүлүшү менен Кыргызстандын экономикасына жакынкы жылдары 200 миллион доллар тартылат.

Новиков бул долбоорлордун айрым шарттары тууралуу журналисттерге баяндап берди.

"Талаптар универсалдуу. Эгер "Росэксимбанктын" жеңилдетилген ресурстары тууралуу айта турган болсок, долбоор эки тараптуу соода-экономикалык багытта кызматташтык болушу керек. Ал россиялык жабдууларды ташуу жана потенциалдуу тараптарды рубль түрүндө каржылоо болмокчу", — деди Новиков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости