www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Польша Беларусту чыгыш чек арасына “чабуул” уюштурду деп, ал эми Орусиянын президенти Владимир Путинди Евробиримдиктин тынчтыгын бузуу үчүн күчөгөн "миграциялык кризисти уюштурду" деп айыптады.

Польшанын премьер-министри Матеуш Моравецки 9-ноябрда Польша парламентинин чукул жыйынында "Лукашенко жасап жаткан бул чабуулдун уюштуруучусу Москвада - президент Путин", - деди.

9-ноябрда мигранттар Евробиримдикке мүчө Беларустан Польшага зым тосмону бузуп кирүүгө аракет кылган.

Акыркы айларда Жакынкы Чыгыштан, Түштүк Азиядан жана Африкадан келген миңдеген мигранттар Польшага жана Евробиримдикке мүчө Латвия жана Литвага да Беларус аркылуу мыйзамсыз кирүүгө аракет кылып жатышат.

Евробиримдик бул үчүн Беларустун лидери Александр Лукашенкону айыптап, муну былтыркы талаштуу президенттик шайлоодон кийин киргизилген санкциялар үчүн Брюсселден өч алуу катары баалады.

Беларустун мамлекеттик чек ара комитети "чет элдик мигранттар Польшанын күч түзүмдөрүнүн адамгерчиликсиз мамилесинен улам, ушундай аргасыз кадамга барганы" тууралуу билдирүүсүн жарыялады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости