www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркмөнстан бийлиги өлкөдө коронавирус бар экенин четке какканы менен Ашхабадда бюджеттик мекемелерде иштеген кызматкерлерди медициналык кароодон өткөрүүгө мажбурлоо уланууда. RFE/RL радиосунун түркмөн кызматы кызматкерлер медкароодон өтпөө үчүн пара берип жатышканын маалымдады.
Редакциянын кабарчысы билдиргендей, 10-августтан бери жергиликтүү бийлик «Ашхабаджылуулук» трестинин кызматкерлерин экинчи жолу медициналык кароодон өтүүгө мажбурлап жатат.
Бул үчүн медициналык кепилдиги бар жумушчулар 17 манат, (Борбордук Банктын курсу боюнча 4,8 манат), кепилдиги жоктор 33 манат (9,4 доллар) төлөшүүдө.
Бул арада 15-августта аймактардагы студенттерди Ашхабадга ташыган поезддер борбор калаага жетпей токтотулганы айтылууда. Жолдо студенттерди вагондордон түшүрүшүп, температураларын өлчөшүп, андан соң жатаканаларга эки жумалык карантинге алышкан.
Булак: NazarNews.kg